Домой Ден-соолук Мээң иштебесе, жумуртка же!

Мээң иштебесе, жумуртка же!

785

жумурткаКачандыр бир убакта окумуштуулар жумуртканын сарысындагы холестерин адам организминде да холестеринди пайда кылат деген ойго келишкен. Бирок, алардын бул пикири тилекке жараша, жаңылыш болуп чыкты. Холестерин адам организмине эң зарыл болгон тестостерон, эстроген жана кортизол заттарын иштеп чыгууда чечүүчү роль ойнойт. Жумуртканын ден соолукка тийгизген таасирин изилдөөгө алышканда экспериментке катышкан 70 пайыз адамдардын организминен эч кандай холестерин табышкан эмес. А 30 пайызында “жаман холестериндин” деңгээли жогорулаган. Жумуртканы такай пайдалануу бир гана кант оорусу менен ооругандарга терс таасирин тийгизип, аларда жүрөк- кан тамыр ооруларынын пайда болушуна алып келет. Жумурткада кальций, омега-3 жана майлуу кислоталар кездешип, алар адам үчүн пайдасы чоң. Жумурткада ошондой эле адамга эң керектүү жогорку сапаттагы белоктор бар. Андагы холин заты мээнин саламаттыгы үчүн пайдасы зор. Изилдөөчүлөрдүн айтымында, жер калкынын 90 пайызы холин затынын жетишпестигинен жабыр тартышат. Эрте мененки нанүштөгө жеген жумуртка ашыкча салмактан арылтып, тоюмдуу да келет. Жумуртка сөөк, чач жана тырмакка жакшы таасир берет. Күнүнө үч даанадан жумуртка жегенди сунуш кылган окумуштуулар үй тоогунун жумурткасы баарынан пайдалуу экенин айтышат.

Аида Мусаева