Домой Саясат Кабай Карабеков: Кыргызстанда бирдиктүү оппозициялык күч жок

Кабай Карабеков: Кыргызстанда бирдиктүү оппозициялык күч жок

87

Журналист Кабай Карабеков Бишкекте өткөн тегерек столдо сүйлөп жатып, күзүндө өтө турган президенттик шайлоого оппозиция өз талапкерин алып чыгуусуна күмөн санап турганын билдирди.

Кабай Карабеков

Анын айтымында, Кыргызстанда бирдиктүү оппозициялык күч жок. “Оппозиция таптакыр чачыранды болуп кетти. Андыктан алардын бирдиктүү талапкер менен чыгуусу күмөндүү”, — дейт ал. Ал эми «Ар-Намыс» партиясынын лидери Феликс Кулов президенттик шайлоодон кийин деле президент Алмазбек Атамбаевдин таасири Кыргызстанда сакталып кала турганын билдирди.

Чынында Кабай мырза айткандай оппозицияда президент боло турган татыктуу кадыр жок. Акыркы беш жылда жалаң гана жеке кызыкчылык үчүн жан үрөп, абийрин айрандай төккөн бийликтин “абсындарында” эл деп төшүн каккан лидер жокко эсе. Бул ачуу чындык. Бирок, мунун өкүнүчтүү жагы да бар. Анткени, ар бир мамлекетте күчтүү оппозициянын болгону ошол коомдун өнүгүшүнө оң таасирин тийгизет. Бийликти негиздүү сындап, мамлекетти өнүктүрө турган альтернативдүү программасы бар оппозиция бизде качан болот?