Коомчулукта абройлуу, саясий гезиттердин сап башында турган Азия News гезити саясатчылардын салмагын элдин элегине салып көргөн. Сурамжылоого өз пикирин билдирген активисттер, коомдук ишмерлер, журналисттер саясатчылар өз баасын беришкен. Албетте, тизменин башында абройу күндөн-күнгө түшүп жаткан президент Садыр Жапаров 165 добуш менен болсо, бийликтин туткунунда жаткан «TURAN» партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов 154 добуш менен экинчи орунга чыккан. Бул менен эмнени айтсак болот, Жеңиш Молдокматовдун абройу күн санап өсүүдө. Анткени, достордун кемчилигин ачык айтып, чындык үчүн күрөшкөнүн далили. Эл аралаган кептердин арасында Жеңиш Молдокматов жакында эл башына келүүчү, тапталып калган негизги талапкер экенин каңкуулашууда. Калк айтса калп айтпайт. Элдин пикири абдан маанилүү..
Азия News гезити ар тармактын өкүлдөрүнө кайрылып, аткаминерлердин жана коомдук ишмерлердин саясий салмагын билүү үчүн сурамжылоосун улантып келет. Натыйжада калыс пикирге таянуу менен эл көзүндөгү 40 инсандын беделин аныктап берген. Рейтингти аныктоо ай сайын жүргүзүлүп турат. Биз аталган гезитке чыккан саясий салмактын 15- орунга чейинкисин гана сунуштайбыз жана эң акыркы орунда турган бедели түшкөн саясатчылар Талант Мамытов, Асылбек Жээнбеков, Бакыт Төрөбаев экенин айта кетели.
Салмагы текшерилген саясатчылар:
1. С.Жапаров 165
2. Ж.Молдокматов 154
3. Ж.Жолдошова 150
4. Р.Момбеков 147
5. А.Жекшенкулов 144
6. Ө.Текебаев 141
7. А.Салымбеков 139
8. Т.Зулпукаров 137
9. К.Зулушев 135
10. Т.Масадыков 132
11. К.Ташиев 130
12. К.Осмоналиев 128
13. Улан Ниязбеков 126
14. Т. Сарыбашев 124
15. Р. Казакбаев 123
Саясатчыларга саясий баа бергендер:
1. Э. Кулуева, журналист
2. Гүлжан Шерипбаева, журналист
3. Игорь Шестаков, саясий эксперт
4. Шайырбек Абдырахман, журналист
5. Назгуль Мамытова, журналист
6. Аманбол Бабакулов, 7.Төлөбүбү Касмалиева журналист ж.блар катышкан.








