Домой Коом Өмүрбек Текебаев УКМКда кезерген жок

Өмүрбек Текебаев УКМКда кезерген жок

37

Өмүрбек Текебаев

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев УКМК кызматкерлери тарабынан 26-февралда түнкү саат 3:20ларда кармалганы белгилүү. Андан кийин Текебаевдин тарапташтары «Манас» аэропортунан Бишкекти көздөй кеткен кан жолду бууп, ар бир автоунааны текшерип өткөрүшкөнү да маалым. Кече түштөн кийин УКМКнын имаратынын алдында митинг да өткөрүштү. Анан айрымдары «Текебаевди кармап кетишкенден бери тамак бербей жатышыптыр, жалаң эле суу берип атышыптыр» деген да имишти чыгарып жиберишти.

Бирок, бул имиш чындыкка таптакыр дал келбей тургандыгы маалым болду. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет бул маалыматты расмий түрдө четке какты.

УКМКнын маалымат кызматынан Ө. Текебаевдин кызыкчылыгын коргогон адвокат Чынара Жакупбекова УКМКнын тергөө башкармалыгына кече 10:15те келгенин, андан соң анын катыштыгы менен 10:45те тергөө аракеттери башталганын маалымдайт. «Сурак 13:30ка чейин созулду, андан соң адвокат өзүнүн коргоочусу Ө. Текебаев менен кийинки тергөө аракетине чейин сүйлөшүштү. Кийинки тергөө аракеттери 16:40та башталып, 18:30ка чейин созулду», — деп билдирет УКМК.

Башкача айтканда бардык тергөө иш-чаралары Кылмыш-жаза кодексинин нормаларына ылайык, адвокаттын катышуусу жана дарыгердин кароосу менен жүргүзүлгөн. Сурак процессинде эс алуу жана тамактануу үчүн дагы убакыт берилген.