Домой Аналитика Жеңиш Молдокматов: «Элибиз идеяга эмес, инсанга ишенип ушул акыбалга кептелдик»

Жеңиш Молдокматов: «Элибиз идеяга эмес, инсанга ишенип ушул акыбалга кептелдик»

1827

30 жылдык эгемендигибизде жетишкенибиз же тапкан байлыгыбыз сөз эркиндиги.

Урматтуу мекендештер!

1991-жылы 31-августа Кыргыз мамлекети көз карансыздыкка ээ болуп, легендарлуу парламенттин төрагасы кадырлуу аксакалыбыз Медеткан Шеримкуловичтин колу менен алгачкы эгемендүүлүк жөнүндө деклорация жарыяланган.
Жалпы дүйнөгө Кыргыз Республикасы суверендүү, демократиялуу мамлекет катары таанылып, демократиянын принциптери акырындан орноп, 30 жылда тапканыбыз сөз эркиндиги болду.
Кыска тарыхыбызда Кыргыз эли үч революцияны башынан өткөрүп, өткөөл мезгилде оор кырдаалда турган чагыбыз.
Тилекке каршы, өлкөнү өргө сүрөөдө туруктуу өнүгүү системасын курбай, элибиз идеяга эмес, инсандарга ишенип ушул акыбалга кептелдик.
Өзгөрүүгө жаңыланып, өнүгүүгө багыт алуу учуру келди!
Ишендирип айтамын. Сүйүктүү кыргызстаныбыздын келечеги кең. Болгону аракет, эмгек таза ниет, аруу тилек, чоң максат. Бекем позиция жана күчтүү команда керек. Бийлик элдики! Баардык коомдук саясий күчтөрдү өлкөбүздүн жаркын келечеги үчүн биригүүгө чакырам!
Эң маанилүү мамлекеттин өнүгүүсүндө өзөгү болгон сөз эркиндигин коргоодо бекем болушубуз абзел. Бириндесек бөлө тартып, жок кылаар бир билектей бекем болсок боор тартып, ынтымак менен биримдик коомдогу прогрессивдүү күчтөр үчүн бүгүн абдан маанилүү.

Учурдан пайдаланып мага карата жүрүп жаткан саясий куугунтукка каршы ачык ойлорун айтып, колдоо көргөзүп колдоп турган баардыгыңыздарга терең ыраазычылык айтам.
Өзгөчө ардактуу журналистерге рахматымды билгизем.
Сөз эркигиндиги үчүн өмүрүн арнап, тобокелдике барган журналистер эч качан унутулбайт!

Сиздерди терең урматтап Жеңиш!