Домой Тагдыр Жанузакова Жекшекан: Германиядан окуп келген, уулум эки жылдан бери бейкүнөө түрмөдө

Жанузакова Жекшекан: Германиядан окуп келген, уулум эки жылдан бери бейкүнөө түрмөдө

286

СИЗОнун сыз, караңгы жертөлөсүндө сот процессин айлап-жылдап күтүп жаткан кылмышка шектүүлөр көбөйүп жатканын Акыйкатчы Кубат Оторбаев  айтып келет. Биздин редакциябызга келген Жанузакова Жекшекан эже дал ушул маселеде жан кейите турган оор тагдырды айтып берди.

— Кара-Балта шаарында 2010-жылдан бери жашайм. Үйдө балдарымды карайм. Эч жерде иштебейм. Бир уул, бир кызым бар. Уулум Бешбаков Куттубек Шамурзаевич 1985-жылы Ош облусунун Өзгөн районунун Кызыл-Дыйкан айылында туулган. 2001-жылы И.Арабаев атындагы университеттин чет тилдер факультетине тапшырып, 2005-жылы Германияга келишим менен окуганы кетет. Ал жактан политология бөлүмүн бүтүргон. Кесиби дипломат-политолог. Үч чет тилинде эркин сүйлөйт. Ошол жакта окуп жүргөндө эле өзүнүн бизнесин баштаган. Окуу жайдагы профессору баламды абдан жакшы көрүп жардамын берип жүргөн экен. Ошол жакта жүргөндө эле мага кийим тигүүчү машиналарды сатып берип, мен тигүү цехин ачып иштетип жүргөм. Балам чет мамлекеттен инвестор тартып келип, жаңыдан бутуна туруп келе жаткан. Анын партнеру буга чейин немец киши болгон. Баары жакшы эле болуп турган. 2012-жылы апрелде күтүүсүздөн, ойдо жок жерден эле үйлөнүп калды. Буга чейин карьерамды өстүрөм деп жүргөн. Көрсө, уйгур кызы Хуршида Смаилованы жактырып калыптыр. Келиним ошол убакта “Ипар-Строй” курулуш ишканасынын Башкы директору болуп иштечү экен. 2012-жылдын аягында бир балалуу болушту. Үйлөнгөнү менен балам көбүнчө Ошто өзүнүн ишкерлиги менен жүрөт. Келиним да бул жакта ЖЧК “Ипар-Строй” курулуш компаниясын жетектеп иштеп жүргөн. 2014-жылы күздүн ноябрь айларында келиним ооруп калып ден соолугуна байланыштуу курулуш иши токтоп калбасын деп жумушун балама тапшыра турууну чечет. Балам анын абалын көрүп, макул болот. Бул 2014-жылдын 16-декабры экен. Капысынан эле 2015-жылдын 21-майында балам менен келинимди алып келип камашат. Себеби, бул компаниян биринчи түптөгөн адам Абулеким Маймайтиминг болгон экен. Ал киши келинимдин атасы менен жакшы болгон үчүн ишкананы келиниме өткөрүп берген болот. Балам менен келиниме компанияга жана бул кишиге 5 млн. доллар зыян келтирди деген айып коюшат. Бул жерде келиним менен балам өз ара сүйлөшүп алышкан дешти. Балам компанияда иштеп баштагандан төрт жарым айдан кийин ушундай күнөө менен камап олтурушат. Биз дароо эле адвокат жалдадык. Бирок, баш-аягы жети адвокат менен иштештик. Алардын баарын тең иштете коюшпады. Бир жарым жыл ичинде уулумдун кылмыш иши тууралуу эч кандай маалымат алалган жокмун. Кызыгы, компанияда иштегендер баламдын күнөөсүздүгү тууралуу эмдигиче айтышууда. Ошол айтылган 5 млн. сом эки үйдүн акчасы деп атышат. Бирок, ал үй курулуп бүтүп, анда адамдар жашап жатышат. Абулеким Маймайтимингдин ишенимдүү адамы Курбанов Юсан деген болду. Анын колундагы ишеним каты мыйзамсыз болгон.

Келиним 2015-жылдын 3-августунда боюнда болгондугуна байланыштуу үй камагына чыгып кетти. Балам СИЗОдо калды. 2014-жылы 21-майда камакка түшкөндөн кийин баламды үч күн катары менен катуу сабашкан. Баламдын айтуусунда белгисиз бирөөлөр үстүнө алып чыгып берип, анан милиция кызматкерлери баклашкага суу толтуруп алып, башына пакет кийгизип башка, ичке, тизеге сабашат. Балам өзүнөн кетип калганда ишкананы Курбанов Юсанга өткөрүп бересиң деген кагазга кол кой деп кыйнашат. Колуна кагаз, ручка беришет. Балам кол койбой коөт. Жакындарыңды жок кылабыз, өзүңдү да жок кылабыз деп коркутушат. Адвокатыбыз Жылдыз Арзыбекова арыз жазып Акыйкатчыга, Башкы прокуратурага кайрылган. Ошонун негизинде уулум жабык камерага которулат. Биринчи экспертиза чыгарылбай, арыздардын баарын күч менен жаап коюшат. Мен гезитке да жаздым, бирок жыйынтык болгон жок.

 

“300 миң доллар берсең мен сени чыгартам”

Мурунку Баш прокурор Аида Саляновага жазган арызыма тескерисинче ишти кароодон баш тартуу боюнча  жооп келди. Төрт ай ичинде тергөөчү негизсиз ишти кармады. 2014-жылдын 1-октябрында баламдын иши сотко өткөрүлүп берилди. Узбеков Дастан (шаардык прокуратуранын ага тергөөчүсү) балама ал камакка түшкөндөн кийин бир айдын ичинде кирип, “300 миң доллар берсең мен сени чыгартам” деген талап коөт. Баламда 300 миң доллар кайдан болсун. Арадан 5-6 ай өтөт. Курбанов Юсандын адвокаты Хасанов Канат баламды өлтүрөм-житирем деп коркутуп турду. Балам жаткан камерадагы адамдарды алмаштырышат. Балама дагы кол салышат, ал титиреп өзүн жоготуп коөт. Бул тууралуу прокуратурага арыз жаздым. Арызыма балаңыз камерада отурган бала менен чатакташа кеткен деген жооп келди. Баламды томографияга алып(араңдан зорго) чыктым. Токмоктун айынан баламдын бир көзү начарлап, талма оорулуу болуп калды. Бул томографиянын чыгарган жыйынтыгы. Ошол күндөн бери баламдын соту создуктурулуп, СИЗОдо негизсиз кармап отурушат. 15-мартта болуучу сот процесси болбой калды. Себеби, Курбанов Юсан эки жылдан кийин Кытайга ишеним кат алып келгени кеткен. Бирок, ишеним кат да, өзү да, кытайы да келген жок. Эки жылдан бери Кара-Балтадан Бишкекке каттаймын. Колумда үч неберем бар, алар менин көзүмдү карашат. Менин таң калганым, сот эмне үчүн эки жылдан бери баламдын күнөөсүн мойнуна коө албастан, негизсиз кармап отурат? Балам болсо: “ компаниясын түрмөдө отурса кимге өткөрүп бермек элем, мени чыгарсын анан өткөрүп берүүгө да даярмын” дейт. Азыр баламдын тизеси, башы ооруйт, талма оорулуу болуп калды. Нервине да зыян кетти. Ишти тергеген тергөөчү Узбеков Дастан сотто эмненин негизинде баламды камакка алганын айтып бере алган жок. Санкцияны дагы, Октябрь райондук соту бериш керек болсо, булар Ленин райондук сотко алып келип санкция чыгартып алышты. Алиева Апчи деген сот санкция чыгарып берет. Менин күйгөнүм, эмнеликтен шаардык прокурордун ага тергөөчүсү Узбеков Дастан менин уулумдун тагдыры менен ойноп жатат? Негизсиз жерден иш козгоп, эки жылдан бери камактан чыгарбай жашоосуна балта чабууда? Балам ишине так, жашоого койгон айкын максаттары бар, чет жерден мыкты билим алып келип, мекенимди өстүрөм деген тилек менен жашап жүргөн. Бул акыйкатсыздыкка качан чек коюлат? Биздин мамлекеттин укук коргоо органдары укугубузду коргобой эле биз сыяктуу карапайым адамдарды кордогонун кандай түшүнсөк болот?!

 

Баки Кулдашев, Бешбаковдун адвокаты:

“Куттубекте бирөөнүн мүлкүн тартып алам деген ой болгон эмес”

— Бул жерде түзүлгөн абал мындайча. Бешбаков Куттубек Кылмыш-жаза Кодексинин 166-ст. “Алдамчылык”, 171-ст. “Ишенип берилген мүлктү ээлеп алуу же орунсуз коротуу” кылмыштары менен айыпталып, камакка алынган. Кылмыш ишинин козголушуна келишим боюнча өкүл, Кытай жараны Абулеким Маймайтимингдин арызы негиз болгон. Бирок, алдын ала изилдөө органдары АКШнын Вашингтон штаты тарабынан берилген келишим жана Кытай Эл Республикасынан келген түшүндүрмөнү алып жатканда бул документтер Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 21-февралында бекитилген консулдук легализацияны (мыйзамдаштырууну) ишке ашыруунун тартиби жөнүндөгү Жобону эске алышкан эмес. Бул Жобого ылайык, чет өлкөдө жазылып жана КРнын территориясында пайдалануу үчүн берилген документтер КРнын аймагында мыйзамдаштырылууга тийиш. Бул жерде “Ипар-Строй” курулуш компаниясынын чыныгы ээсимин деп арыз берип жаткан Маймайтиминг кылмыш иши козголуп жатканда өлкө ичинде болгон эмес. Бешбаков Куттубекте бирөөнүн мүлкүн тартып алам деген ой жок болгон жана ал граждандык никедеги жубайы Смаилова Хуршидага таандык компанияны өзүнө каттатып алдым деген ойдо ишкананы жетектеп келген. Анын аракетинде кылмыш белгиси жок. СИЗОдо узакка жаткандыктан анын өнөкөт оорулары козголуп, ден соолугуна кыйла залака кеткен. Албетте, ага козголгон кылмыш ишинин мыйзамсыздыгын далилдөөгө болгон аракетибизди жумшайбыз. Соттук иш ушул жуманын башында да болду.

Назгүл Осмонова