Домой Коом Кандуу окуя кайталанбашы керек

Кандуу окуя кайталанбашы керек

68

Жашым жетимиштен өтүп бара жаткан пендемин. Колума калем алып, элди саясий толкундоого үндөгөндөргө жеке пикиримди билдирүүгө, жаңыдан чыга баштаган “Багыт.kg” гезити түрткү болду. Мага гезиттеги макалаларда турмуштагы көрүнүштөрдүн оң жана терс жактарынын бурмаланбай, так чагылдырылышы жакты. “Жүрөктөн күйсө көк жалын, оозуңдан чыгаар түтүнү” дегендей, кечээки эки кандуу окуялардан кийин мамлекетибиз келечектин айкын жолуна жаңы кадам шилтеп жатканда, элди тескери жакка үгүттөшүп, чатак чыгарууга аракеттенгендердин жосунсуз жоруктары күйгүзүүдө. “Ач карышкырдын түшүнө эт кирет” демекчи, митингчилер эмнени көздөп, эмнеге жетүүгө далалат жасап жатышат? “Адамзаттын келечеги — тынчтык” деп Куба ойчулу Хосе Марте айткандай, бизге тынчтык керек. “Теңир-Тоо эли сиздерди эч качан колдобойт” — деп жалпы энелердин атынан ачык айта аламын.

 

Ак үй алдын стадион кылдыңар

Кыргыз эли кылымдардан
сакталган,
Кыйла журтка салт-санаасы
даңкталган.
Бөлүнбөстөн түндүк менен
түштүккө,
Биригишип, намыс үчүн
аттанган.
Кеменгерлер, илимпоздор
өтүшкөн,
Керт башынын камын ойлоп
качпаган!

Ата-баба коргоп келген жерлерге,
Ак мөңгүлүү, бейиштей кооз
төрлөргө.
Кызыгышып колунда бар
өлкөлөр,
Кыйноо тартпай, салып жатат
чеңгелди.
“Эсиң жый!” деп бийлик, байлык
ээлерин,
Эскертүүгө кара жер да
термелди.

Коңшуларга куш жемине
алданып,
Күн көрүүдө бей-бечара
жалданып.
Жерин айдап, малын багып
алардын,
Жүргөнүнө жүрөк ооруйт
арданып.
Эл-журтунун камын ойлоп
иш кылбай,
Эрдемсиген эр-азамат
чаржайыт.

Бийлик бирөө, байлык болсо
таланган,
Биздин өлкө болуп калган
араң жан.
Кедейликтин баткагынан
чыга албай,
Жардам сурап эки жагын
каранган.
Багыт алып өнүгүштүн ордуна,
Баш айланткан түркүн мыйзам
жаралган.

Ак үй алдын стадион кылдыңар,
Ай өткөрбөй оюн куруп
турдуңар.
Бийлик үчүн бийлеп чыгып
сахнага,
Актөр сындуу эл көңүлүн
бурдуңар.
Карапайым калк тажады
митингден,
Кара өзгөйлүк жетишет го
чырдуулар!

Калиман Кадыбаева
Нарын облусу, Кочкор району