can i order penicillin online.
КР Акыйкатчысы Кубат Оторбаев президент Сооронбай Жээнбековдун 24.kg маалымат агенттигине каршы 5 миллион сомдук айып пулдан баш тартышы боюнча пикирин билдирип, өлкө башчысынын бул кадамы башка саясатчыларга үлгү болушу керектигин, мындай аракетти башка саясатчылардан да күтүп жатканын билдирди. Ошондой эле Акыйкатчы сот чечимдери айрым учурларда калпты жазган журналисттерге сигнал боло турганын айтат. “Бир четинен соттук чечимдер калп маалымат жазып, сөз эркиндигин ашкере пайдаланган журналисттерге чоң сигнал болот. Экинчи жагынан чектелбеген ири суммадагы доолор ММКнын андан ары иштеп кетишине тоскоолдук кылат. Андыктан мамлекет моралдык компенсация өлчөмү боюнча кандайдыр бир стандарт киргизсе”, — дейт ал.
К.Оторбаев президенттин мындай аракети Акыйкатчы институтуна чоң үмүт жаратканын да белгилеп өттү. “Мен президенттин бул аракетин кош колдоп колдоймун. Мындай көрүнүш биздин институтка да үмүт отун жандырды. Ошол эле кезде сөз эркиндиги боюнча белгилүү бир маселелер бар экени боюнча чакырык ташталды”, — дейт Оторбаев.
Президент Сооронбай Жээнбековдун 24.kg ден 5 млн. сомдук доодон баш тартканы коомчулук тарабынан колдоо табууда. Белгилүү журналисттер, медиа-эксперттер өлкө башчысынын мындай кадамын кубаттоо менен кабыл алууда. Президент кечиримдүү болуп алгачкы кадамды таштады, эми журналисттер да өз ишине жоопкерчиликтүүлүк менен мамиле кылышы керек.