Домой Эне тил Үн чыгаруу. Шайлообек Дүйшеевдин кызыктуу ойлорунан

Үн чыгаруу. Шайлообек Дүйшеевдин кызыктуу ойлорунан

399

Чал небереси менен

Айтылуу Толубай сынчынын замандашы Жээренче чечен  жолоочулап баратып уулу Төлөмырзага: “Балам, узун жолду кыскарта жүр” десе Төлөмырза аттан түшө калып, жолду туурасынан кетмендеп жиберген экен” деп айтылып келаткан сөз бар. Ошондо ичи муздай түшкөн чечен:

— Балам,  “узун жолду кыскарт” деп, жол жүрүп баратканда убакытты кыскартыш үчүн кызыктуу окуялардан кеп салып жүрүп олтурганды айтат. Кызыктуу кандай кептерди билесиң, ошолордон сүйлөп олтур,-деген экен.

“Жанымдагы аксакал жанда жок сөзмөр киши экен, тоого жеткенче зериктирбей узун жолду кыскартып барбадыбы” дейт. Аңгеме салып барды, кызыктуу кептерден салып барды дегенди билдирет.

“Жанагы бейиши болгурдун энеси жаман динге кирип кеткен экен,  өлүккө келгендерди өкүртпөй, кошок коштурмак турсун үн чыгартпай койбодубу, Кудай албагыр!” дейт.

Үн чыгаруу” деген өлгөн адамды жоктоп ыйлоо, кошуп ыйлоо, кыргыздын кылымдан бери келаткан салты боюнча маркумду тиги дүйнөгө узатуу деген түшүнүк.

“Атчандар өкүрүп түшөрү менен боз үйдөгү катын-кыздар үн чыгарды” дейт. Кыргыздар жакын адамы көз жумганда, анын өлөөрүн эле күтүп жаткансып жанталашып, дароо эле жерге жашыра койбостон, үч күн кармаган. Анткени алыс-жууктан куда-сөөктөрү, дос-тамырлары, кыз-кыркындары, уулдары келип үлгүрүп, маркум менен коштошуп, ичиндеги күйүтүн чыгарып кайтышкан. Антпесе, күйүт ичине түшүп кеткен адам айыккыс дартка чалдыгарын дүйнөдөгү элдердин эң эле улуусу болгон байыркы кыргыз эли эң сонун билген. Жакын адамына ыйлабай, бугу тарабай, күйүтү ичине түшүп кеткен балдар-кыздар кем акыл болуп, кээси жинди болуп, кээси түбөлүк майып болуп, кээси оорукчан болуп каларын, бул дарт балдардын, акыркы кездери чоң кишилердин да “невропатия” дарты экендигин, 21-кылымдын медицинасы бүгүн араң далилдеп чыкты.

Алтайда да өлүктү үч күн кармашат, кыргыздын бул салты Манастын туулуп-өскөн мекенинде да ушул күнгө чейин сакталып калган. Кыргыз өлүктү жайына койгонго дейре тестиер балдарга таяк таянтып, боз үйдүн түбүнө өкүртүп койгон. Өлгөн адамдын кыз-кыркындары кошок кошкон. Айрым чала молдо дин бузарлардын, салт бузарлардын, атайын тапшырма менен, акчага сатылып, ислам динин, шариятты бетке кармап, элдин салтын жоготуу менен элдин өзүн жоготууну көздөгөндөрдүн “молдо болумуш”  болуп келип алып, жалган үгүт таратып, зордоп таңуулап: “Өлүккө ыйлабаш керек, кошок кошпош керек” дегендери таптакыр туура эмес. Кыргыз эртең жок болгусу келбесе, бүгүн ушуга каршы турушу керек. Өлүктүн да өз зыйнаты болот. Кыргыз адамды акыркы сапарга узатып узатып жатканда атчан-жөөчөн болуп дүңгүрөп өкүрүп түшкөн. Кошокчу аялдар укмуштай мазмундагы кошокторду кошушкан. Кошокту мыкты кошкон аялдарды эл-журт аңыз кылып, даңазалап, кадырлап, кастарлап, колунда барлар атайылап алыстан болсо да алдыртып келип коштурушкан.

Эми “түбүнө жетүү” деген сөздү түшүндүрөлү. Буга мисал келтирели. “Кыргыздын түбүнө жете турган, салттуу исламга таптакыр жат, Куранда жок ар кандай диний агымдар каптап кирди” дейт. “Түбүнө жетүү” деген сөз, “жок кылуу”, “ойронун чыгаруу”, элдин салт-санаасын жоюп, улам кийинки муундун акыл-эсинен ата-бабалардын салт-санаасын “тазалап” олтуруп маңкуртка айлантуу деген мааниге алып келет.

“Ата-бабаларынын түбүнө эми балдары жетпесе экен” дейт.

“Бул бийлик ит куйругун түйүштүрмөйүн жүрбөгөндөрдөн деги эле арылбай койду” дейт. Ит куйругун түйүштүрүү” деген сөз жөн эле жүргөн адамдарды бири-бирине кайраштырган, араздаштырган, ортого бүлүк салган, бузган, жалаң бузукулук менен “атын чыгарган” жаман адамдарга карата айтылат. Мисал келтирели, “Баягыл балдарды окутканга дагы барган экен, эми эки айга жетпей ит куйругун түйүштүрө баштайт эмеспи” дейт.

“Жансыз” десе көбүнчө биз жаны жок, өлүк же кыймылсыз нерселерди түшүнөбүз. Бирок, “жансыз” дегендин башка бир мааниси “шпион”, “тыңчы”, өз өлкөсүнүн кызыкчылыгын башка өлкөлөргө саткан “сөз ташыгыч” дегенди да түшүндүрөт экен.

“Сары тилдүү киши экен” дейт. “Тили ачуу, сөзү уулуу киши экен” дегенди билдирет.

“Сары тиштүү” деген да сөз бар. “Сары тиштүү кой экен” десе, “карыган кой экен” дегенди түшүндүрөт.

Шайлообек Дүйшеев, “Азаттык”