Домой Маек Жеңиш Молдокматов: «Замандаш» Төрөбаевди колдобойт

Жеңиш Молдокматов: «Замандаш» Төрөбаевди колдобойт

396

Жениш Молдокматов— Жеңиш мырза, «Замандаш» менен «Өнүгүү» партиясы “баш кошуп”,  президенттикке бирге а салышат экен деген  маалымат коомчулукка жарыяланып кетти. Өз оозуңуздан уксак, маалыматтын канчалык деңгээлде чындыгы бар? Чын болсо, эмне үчүн сиз өзүңүз билдирүү тараткан жоксуз?

Мен сиздердин гезит аркылуу расмий түрдө коомчулукка туура  маалыматты берип коёюн:  «Бул маалымат чындыкка дал келбейт.  «Замандаш» менен «Өнүгүү» партияларынын ортосунда эч кандай келишим же макулдашуу жок. Бул катардагы саясый оюн жана чындыкка төп келбеген ушак».

Бир жума мурун, так айтканда 9-февралда  «Замандаш» ассоциациясы менен «Өнүгүү» фондусунун ортосунда миграция маселесинин алкагында гана меморандумга кол коюшкан. Баарыбыз билгендей, бүгүн миграция абдан чоң көйгөй эмеспи. Ушул чоң көйгөйдүн алкагында «Замандаш» ассоциациясы мигранттарга жардам берүү ниетинде кызматташууга макул болгон. Ал эми мигранттардын маселесин саясатташтырып, президенттик шайлоого байланыштырган өнөктөштөргө, тактап айтканда «Өнүгүү» фондусуна баракелде дегенден башка сөз айта албайбыз.

«Замандаш» ассоциациясы 2003-жылдан тарта коомдук бирикме катары иш алып барып келет. Ички жоболоруна ылайык миграция багытында иштеген жүздөгөн уюмдар, фонддор менен кызматташат. Ассоциациянын аткарып жаткан иштерин саясаттан сырткары жана эч саясий өңүттө кароого болбойт.

— Кызык экен. “Өнүгүү-Прогресстин” лидери эмнеге сиздер менен тактап сүйлөшпөй туруп, бир тараптуу маалымат таратты? Бул жерде баягы эле, саясый упай топтоо маселеси жатабы?

Толук болушу мүмкүн. Баса белгилейм. «Замандаш» партиясы Президенттик шайлоодо Бакыт Төрөбаевди колдойт деген сөз чындыкка дал келбейт! Ал эми маалыматтын чыгышына себепкер болгон айрым кызматкерлерибиздин ишине баа берилет.  Анын үстүнө «Замандаш» ассоциациясынын катардагы кызматкеринин айткан  сөздөрү айрым ММКларда туура эмес жазылган жана ошого байланыштуу саясый боёк берилип, көп жерге туура эмес маалымат берилип кетти. Албетте, өтө курч мүнөздө өтө турган чоң  шайлоонун алдында эмитен талпынып жаткан  талапкерлерди тиги же бул саясый күч колдойт экен деген маалымат  коомчулукта  жакшы пикирлерди жаратат. Ушуга байланыштуу, мүмкүн бул маалыматты коомго таратуу керек болгондур. Бирок, мындай кадам, мындай ыкма эч кимге абийир алып келбейт.

— «Замандаш» партиясы президенттик шайлоого катыша турган,  камчыга сап , мекенчил талапкер чыгарабы?

Кудай буйруса, жакынкы күндөрү  биздин партия президенттик шайлоо боюнча чечим кабыл алып, анын жыйынтыгын партиянын конференциясында жалпы коомчулукка жар салабыз. Негизи, «Замандаш» партиясынын тарыхы чоң, алгылыктуу аткарган иштери арбын. Андыктан, президенттикке аттанчу камчыга сап, элдин жүгүн көтөрө турган эр азаматтарыбыз бар. Шайлоонун алдында өлкөдөгү ар бир чоң саясий партиялардын ичинде ар тараптуу сүйлөшүүлөр, өнөктөш болуу маселеси күн санап кызып жатканын баарыбыз көрүп жатыбыз. Мындай аракеттерден «Замандаш» партиясы да кур эмес.

Мен жогоруда белгилегендей, бүгүнкү күнү партиянын ичинде талкууланып, саясий өнөктөштөр менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

— “Замандаштын” саясаттагы көз караштары кайсы партиялар менен дал келерин ачык айта аласызбы?

Биздин партия буга чейин өз ишмердүүлүгүндө өлкөдөгү көптөгөн партиялар менен ар тараптуу иштешип келген. Партиянын позициясы жалпы жыйында так бекиген. Мамлекеттин жана элдин кызыкчылыгында, өлкөнүн өнүгүүсүн көздөгөн  баардык партиялар менен кызматташууга кызыкдар деп айтаар элем.

— Жеңиш мырза, келечеги кең жаш саясатчы катары өз пикириңизди айтсаңыз. Биздин мамлекетте партиясы бар адамдардын баары эле өзүн президенттик тактан көргүсү келе берет. Өз деңгээли, эл каалоосу менен эсептешкилери келбейт. Мындай жагымсыз көрүнүштүн себеби эмнеде деп ойлойсуз?

2010-жылы өлкөдө парламенттик башкаруу болсун деп мамлекеттик башкаруу системасын референдум жолу аркылуу алмашып, партиялык тизме аркылуу эки ирет шайлоо өткөрүлдү. Ири партиялар кошулуп, саясий лидерлер партиялардын курамына кирүүсү күч алды. Демек, бүгүн күчтүү партияны алып чыгып, элдин колдоосуна жеткизүү менен күчтүү саясый лидерлер чыгууда. Ал эми саясый партиянын негизги максаты – бул бийликке жетүү менен партиянын эл алдына алып чыккан программасын, реформаларын жана жаңы идеяларын ишке ашыруу болуп саналган соң, ар бир ири партиянын лидери бийликке жетүүнү эңсейт. Бул жакшы көрүнүш. Себеби, саясый партиялар менен саясый лидерлердин ортосунда атаандашуу болуп турушу керек. Саясый атаандашуу жок жерде «Алга» же «Ак Жолго» окшогон көрүнүш пайда болот.

— Президент болуш үчүн капчык калың болуш керекпи же биринчи кезекте акылдуу, билимдүү болуш керекпи? Бүгүн акчалуулар гана президенттик такка көз артып жатышат го…

«Кылычты ар ким байланат, чабарына келгенде кандай киши шайланат» дегендей, учуру келгенде көрөбүз. Негизи, президенттик кызмат өтө чоң жоопкерчиликти талап кылат. Алгач, президент ыймандуу, адилеттүү, адептүү, жоопкерчиликтүү, билимдүү, чечкиндүү, эрктүү, сиз айткандай акылдуу болушу керек. Айтор, саясатта акылы бар эси жок адамдар дагы жүрөт, демек эстүүлүк дагы талап кылынат. Ал эми күчтүү саясый лидер чыкса, аны материалдык жактан колдоочулар эл ичинен эле чыгат. Президент болчу адам капчыгындагы байлыкка, сырттагы күчтөргө таянбастан, өз элинин ишеничине ээ болушу керек.

— Сиздер Президенттикке талапкер таптап чыгарсаңар, шайлоонун аягына чейин катышасыздарбы, же орто жолдон ойт берип, башка бир талапкерди колдоп кетесиздерби?

Президенттикке чыкчу саясый лидерлер шайлоого катышуу чечимин жөн жерден кабыл албайт да.  Биринчиден, алар шайлоочуларына, саясый тажрыйбасына, эл ичиндеги кадырына, жанындагы командасына ишенип, терең талдап, анан саясый чечим кабыл алышат. Албетте, арасында элге таанылуу, өз күчүн текшерип көрүү же саясый упай топтоо максатында койгондор дагы чыкпай койбойт. Баардыгы саясый кырдаалга жана  эл каалоосуна жараша, ошондой эле  биздин партиянын саясый чечимине ылайык кабыл алынат.

— Соңку суроо болсун. Президентти мөөнөтүнөн мурун кетет деген сөздөр айтылып кетти. Бул боюнча сиздин пикирди уксак…

Президент тарыхый миссиясын аткарды. Мамлекетте стабилдүүлүк сакталып, эки жолу парламентке шайлоо өттү. Өкмөт көп алмашса дагы, тынчтык жолу менен бийлик алмашуу маданияты аз-аздан калыптанып келатат. Андыктан, президент мөөнөтүнүн аягына чейин отуруп, тынчтык жолу менен шайлоо аркылуу кийинки президент шайланып, эл аралык коомго, өзгөчө коңшу мамлекеттерге үлгү катары мамлекеттин эң бийик кызматын тынчтык жолу аркылуу алмаштыруу болоорун  далилдегенибиз оң.

Анын үстүнө, президент баардыгына бирдей шарт түзүп берип жатат. Каалагандар шайлоого катышып, элден шайланып келсеңер, президент болгула дебедиби. Мына бүгүн президенттикке чыкчулар четинен чыга башташты. Бул жакшы көрүнүш.

Маектешкен Азамат Кангелдиев