Бириккен Араб Эмираттары менен сооданы өнүктүрүү жана экономикалык байланыштарды чыңдоо алкагында келишимге кол коюлду, ага ылайык эмираттык компания Абу-Дабинин эркин экономикалык аймагында логистикалык борборду жана бажы тармагын өнүктүрүү максатында Халифа Порто Абу-Даби портунан 30 гектардан ашык жерди Кыргыз Республикасына бөлүп берди.
Ошондой эле, “Maqta Gateway” Финансы министрлиги үчүн бажы жана чек ара көзөмөлүн, инфраструктураны, анын ичинде улуттук “Бирдиктүү терезе” түзүү аркылуу модернизациялоо жана санариптештирүү стратегиясын демилгелейт.
Бул макулдашууларга кол коюу чечими Кыргыз Республикасынын Президентинин Бириккен Араб Эмираттарына жумушчу сапарынын алкагында БАЭнин жогорку жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында кабыл алынды.