Домой Коом Быйыл бюджетке бажыдан 9млрд сом түшпөй калды.

Быйыл бюджетке бажыдан 9млрд сом түшпөй калды.

73

Бекитилген бюджеттен 3 млрд сомго салыктык түшүүлөр  азайып жатканын депутат Айнуру Алтыбаева тармактык жыйын учурунда белгиледи.

Депутат салыктын азайышынын себебин сурап, Экономика министри Санжар Муканбетовго кайрылды. Министрдин айтымында, буга өлкөдөгү жалпы кырдаал таасир этип жатат.

Муну менен катар эл өкүлү резервдик фонддор боюнча сөз козгоп, Президент, Жогорку Кеңеш жана өкмөттүн фондуна 30 млн сом эмес, 12 млн сомдон гана бөлүү сунушун берди.

“Үнөмдөлгөн 54млн сомго спорт залы менен жакшы бир мектеп салып алса болот, бюджет каражатын үнөмдөө зарыл”, – деди депутат Айнуру Алтыбаева.

Бюджеттин кирешелерин тактоо учурунда маалым болгондой, быйыл бажы тармагынан 9 млрд сом түшпөй калган.

Өз кезегинде Акылбек Жапаров мамлекеттик сатып алууларга бөлүнгөн акчага көбүнчө аткезчилик жол менен келген товарлар сатылып алынып жатканын белгилеп, бул көрүнүштү токтотуу керек деген оюн айтты.

 “Бюджеттен мамлекеттик сатып алууларга 74 млрд сом бөлүнүп жатат, бирок мындан ары бир да тиешелүү документтери жок товарды сатып албаш керек”,- деди ал.

Талкуу соңунда комитеттин төрагасы Эмил Токтошев 6-октябрдан бери УКМК  менен Экономикалык  кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын  депозиттик эсебине канча каражат түшкөнүн сурады. Өкмөт өкүлү жалпы жонунан 450 млн сом түшкөнүн, бирок 6-октябрдан бери канча сумма түшкөнү  такталбаганын айтты.

Жалпысынан көчмө жыйында депутаттар бюджетти толтуруу жана акчаны сарамжал пайдалануу, фискалдаштырууну жүзөгө ашыруу сунуштарын беришти.

Кечээ, 16-ноябрдагы Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин көчмө жыйыны Финансы министрлигинде өткөн.

Жыйында “2021-жылдын бюджети, 2022-2023-жылдарга карата божомолу тууралуу” мыйзам долбоору талкууга алынды.

булак: yntymak.kg