«Орто-Сай» базарындагы өрт эртең менен саат 08:55те толугу менен өчүрүлдү. ӨКМнын маалыматына ылайык, жабыркагандар жана каза болгондор жок.
Өрт саат 02:16да чектөөгө алынып, өрттүн андан ары башка объектилерге жайылышына жол берилген жок. Болжол менен өрттөн жалпы 1 миң 800 чарчы метр жер аянты күйгөн.
«Жабыркагандар жана каза болгондор жок, өрттүн келип чыгуу себеби такталууда», — деп билдиришти мекемеден.