Домой Коом Баткендин Чоң-Талаа айылында мектеп өрттөнүп жатат (видео)

Баткендин Чоң-Талаа айылында мектеп өрттөнүп жатат (видео)

180

Бүгүн, 7-декабрда  Баткен облусунун Баткен районунда Чоң-Талаа айылында мектептен өрт чыккан.

Бул тууралуу маалымат Өзгөчө кырдаалдар министрлигине эртең мененки саат 08:06 чамасында түшкөн.

Өрттү өчүрүүгө  жалпы 2 бөлүм тартылган. Кошумча маалымат берилет. Жергиликтүү тургундар жиберген видеодон өрттү өчүрүп жатышканын көрүүгө болот. 

Министрлик кошумча маалымат кийинчерээк берилерин кабарлады.

Жергиликтүү тургундардын айтуусуна караганда өрт балдар мектепке бара электе чыккан.