Домой Коом Сокулукта жаңы курулуп бүткөн мектептен өрт чыкты (сүрөт, видео)

Сокулукта жаңы курулуп бүткөн мектептен өрт чыкты (сүрөт, видео)

75

Бүгүн, 29-декабрда Чүй облусунун Сокулук районундагы Кызыл-Туу айыл өкмөтүнө караштуу Токбай айылындагы жаңы курулган мектептин бала бакчага ылайыкталган корпусу күйүп кетти.

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн айтымында, жакында мектептин ачылышы болмок. Мектептин күйүп кеткен жана өрттөн сакталып калган корпустары жалпысынан 49 млн сомго демөөрчүлөр тарабынан салынган.

ӨКМдин маалыматына караганда, куткаруучуларга Токбай айылында медреседен өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө саат 12:05те Сокулук райондук №23 ӨКБдан 1 бөлүм, саат 12:18де Ленин райондук №6 ӨКБдан 1 бөлүм, жалпы 2 бөлүм, саат 12:28де Бишкек шаардык №8 АӨКБдан суу ташуучу унаа тартылган.