Домой Коом Кыргызстан 140 жаңы өрт өчүрүүчү унаа сатып алат

Кыргызстан 140 жаңы өрт өчүрүүчү унаа сатып алат

673

Кыргызстан Кытайдан жүз даана өрт өчүрүүчү унаа сатып алды. Анын 85и алып келинди. Бул тууралуу 26-декабрда өткөн маалымат жыйында өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов кабарлады.

Анын айтымында, Кытайдан келе турган калган 15 өрт өчүрүүчү унаанын ичинде 50 метрлик автошаты да (АКП-50) бар, 10у авариялык-куткаруучу иштерге колдонулат.

Шамырканов Орусиядан да 40 даана өрт өчүрүүчү унаа алынганын, анын 10у алып келингенин маалымдады, калганы келерки жылы январь айында алып келинет.

Быйыл 25-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлигине акыркы үлгүдөгү «Кырсыктардын тобокелдигине туруктуулукту жогорулатуу» (ERIK) долбоору аркылуу 58 өрт өчүрүүчү унаа алынган.

Министрликтин маалыматына караганда, өлкөдө мындай өрт өчүрүүчү унаалар 2008-жылдан бери алынган эмес.