Домой Коом Жапаров: Тарыхый эс-тутум бизди манкуртчулуктан сактайт

Жапаров: Тарыхый эс-тутум бизди манкуртчулуктан сактайт

119

Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров бүгүн, 7-ноябрда Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө карата жалпы элге кайрылуу жасады. Төмөндө кайрылуунун тексти өзгөртүүсүз берилди:

«Урматтуу мекендештер!
«Жылда 7-8-ноябрь күндөрү Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрүн белгилеп келебиз. «Тарыхы болбой, эл болбойт» деп кеменгер элибиз илгертен даана, так айтып келген. Тарыхты билүү азыркыбызды аныктап, келечекке жол ачат.
Акыркы тарыхый ачылыштар кыргыз тарыхы үч миң жылдан ашык мезгилди өз ичине камтып, Евразия континентинде, анын ичинде Борбордук Азияда кыргыздар уюткулуу эл болгондугун тастыктады.
Биз өз тарыхыбыз менен сыймыктанабыз. Тарыхтын тагдыр чечүүчү сыноолорунан өтүп, эл катары сакталып, эгемен мамлекетке ээ болуу тарыхта бардык эле элдерге буйруган жок. Мындай жетишкендик биздин ата-бабалардын кеменгерлигинин, баатырдыгынын жана алысты көрө билгендигинин негизинде гана жаралды.
Кыргыз мамлекетин түзүү жана түбөлүк сактоо жөнүндө улуу максат элибиздин үч миң жылдан ашкан тарыхындагы эң негизги баалуулук болду. Мамлекеттүүлүк, эркиндик, көз карандысыздык, элди, жерди, Мекенди сүйүү идеялары улуттук сыймыгыбыз, кыргыз рухунун туу чокусу болгон «Манас» эпосунун негизги өзөгүн түздү.

Кыргыз мамлекеттүүлүгү оор кыйынчылыктарды башынан кечирип, бирде мүңкүрөсө, бирде дөөлөттүү өлкө катары атагы дүйнөгө тарап, орто кылымдарда ата-бабаларыбыз Евразия чөлкөмүнүн борборунда Улуу кыргыз дөөлөтүн түзгөндүгү биздин байыркы мезгилдерден эле дымактуу журт болгондугубуздан кабар берет. Элибиздин эркиндик үчүн тышкы жана ички душмандарга каршы баатырдык күрөшү биздин дүйнөлүк тарыхта татыктуу орунду ээлегенибизге шарт жараткан.

булак: maral.fm