Домой Дүйнөдө Мелания Трамп жолдошу Дональд Трамп менен ажырашуу үчүн анын ыйгарым укуктарынын аякташын...

Мелания Трамп жолдошу Дональд Трамп менен ажырашуу үчүн анын ыйгарым укуктарынын аякташын күтүп жатат

204

АКШнын учурдагы президенти Дональд Трамптын жубайы Мелания жолдошу менен ажырашуу үчүн анын ыйгарым укуктарынын аякташын күтүп жатат. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазышууда.

«Мелания күйөөсү Трамп президенттиктен кете турган күндүн ар бир мүнөтүн санап отурат. Ыйгарым укуктары аяктаса эле ажырашат«, — деп президенттин мурдагы жардамчысы Омароса Маниголт-Ньюманжергиликтүү басылмалардын бирине билдирген.

Анын айтымында, биринчи айым Трамптан корккондуктан ажырашууга арыз жазбай жүргөн. «Эгер Мелания буга чейин кетип калганда, Дональд Трамп аны жазалоонун жолун тапмак» деп кошумчалаган ал.

Буга чейин бир нече дүйнөлүк басылмалар түгөйлөрдүн мамилелери сууп бара жатканын жазып келишкен.

булак: super.kg