
Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алмаз Оңолбеков ээлеген кызматынан бошотулду. Бул маалыматты өкмөттөн тастыкташты.
Маалыматка ылайык, Алмаз Оңолбеков өз арызы менен кызматтан кеткен. Анын ордуна орун басары Алтынбек Торутаев дайындалды.
Буга чейин Оңолбековдун дарегина бир катар сындар айтылып келген. Алардын бири Кытайдан Кыргызстанга кирген товарлардын жана импорттун көрсөтмөлөрүндөгү айырмачылыктар боюнча болгон болсо, бажы башчысы “республикада көмүскө импорт жок” деген жообун айткан.
Акыркы саясий жүрүштөрдү эске алганда, Оңолбеков ордун оңой жол менен Райым миллионго бошотуп бердиби деген суроо жаралбай койбойт.
Булак: «Багыт»