Домой Маданият Баратбай Аракеевдин «Периште жолу» романынан үзүндү. 7-серия

Баратбай Аракеевдин «Периште жолу» романынан үзүндү. 7-серия

441

Периште жолу

Ошондо бактылуу бүлө болуп турушту го! Ичкилик аралашпаган турмушка не жетсин бу заманда…

Жакында Астра борборго барып бир университеттеги экономика факультетине өтүп келди. Эми бир айга жетпеген убакта окуусуна кетет. Салкын менен Бактыгүл айылда, чоң ата, чоң эненин жанында. Турдукан үйдө, бекерчиликтен колу бошобойт. Үй оокат Астранын мойнунда. Кубатбек чапкылап иш үстүндө. «Отпусканы кеч күздө аласың» деп койгон борбордогу чоңдору.

Ошол күндөрдүн биринде Кубатбекти бир чет өлкөгө жиберишти, карагай өстүрүүнүн мыкты жол-жобосун үйрөнүп келүүгө. Үйдө Турдукан менен Астра. Бири-бирине окшош көңүлсүз күндөр. Экөө тең шапар тепкенди жакшы көрчү эле, ошонусу жок болуп турат.

Бир күнү телефон чырылдап, трубканы Турдукан алды. Мага эмес бекен деп Астра күтөт.

— Алло. Ии, мен… Жакшы-жакшы… Жок… Эмнеге унутам… Ооба… Макул, ии… — Турдукан аз сүйлөп көп укту. Ошону менен сөз бүттү.

— Ким экен апа?

— Ай, бирөө… Сен тааныбайсың… -Турдукан өңү тамылжый бөлмөсүнө кирип кетти. Жетип эле керебетине кулады. Аздан соң кыңылдай обон созду: «Кара-ап, кара-ап, кайрадан сени сама-ап… Күттүм, күттүм…»

Телефон чалган Турдуканды далай күн уктатпай эстетип ооналактаткан баягы кара мурут, тармал чач эле. Аты Сатар. Кубатбекке орун басар болуп келгенине аз гана убакыт болгон. Ошол чогуу болгон алгачкы конокто төрдө олтурган суйкайган сулууну дароо эле мээлеп калган. Мээлеген сулуусун соо койбогон шылуун жигиттердин бири эле, анан да чоң куу боло турган. Жагдайга жараша өзгөрө берет. Кызмат дегенде койнундагы аялын сатуудан да кайра тартпаган неме болчу. Эмнеси бар экенин ким билди, ал неме аялдарга тегиз жакчу. Кайсы бир аялдын жанына өттү дегенче, алар кулап калат дегендей эле бар болчу. Кызматынан акырындап өсүп барат. Эби келсе Кубатбектин оруну аныкы болот, ою ошондо эле. Аз өтпөй дагы бир ою анын аялында болуп калды.

Кубатбек бир айга чет өлкөгө кеткенде эле анын сулуусу өз колума түштү деп эсептеп, дароо чалбай үч-төрт күн өткөзүп туруп чалбадыбы. Ал аял баарына макул болорун алдын-ала билген болчу. Анткени, ал чалма ыргыткан бир дагы аял каршы болгон эмес. Анан да Турдукандын көзү кылгырып турганын дароо эле баамдап койгон. Көзү кылгырган аялдар «жок» дегенди билбейт, андай сөз болбойт ал маселеде…

Телефон чалгандагы жыйынтык өзү күткөндөй болду. «Жакшы көрүп калдым… а балким сүйдүм ошойт… күнү-түнү эстейм… элесиңиз маңдайыман кетпейт… бул уят иш, бирок, айлам жок…» сыяктуу сөздөн арбын айтып, демигип, уялып тургандай тартына айтып жатып бир жерден кезигишүүнү сунуш кылды эле, аял ойлонуп, оптонуп олтурган жок, дароо эле макулдугун берди.

Жолугууга Сатар катуу даярданды. Бул райондон жүз чакырымдай алыс жердеги башка бир райондун токоюнда иштеген кыйбас досу бар эле, бир чоң токой чарбаны башкарат. Ошого байланышып маселени түшүндүргөндө досу көмүскө жерге килейген боз үй тиктирип, бир жигитти кайтартып койгон. Ал жигит аялы менен кызматын да кылат, тамак-аш жагын да белендейт. Сатарлар ал жакта эки күн болушат.

Жума күн эле. Турдукан Астрага: «Илгери чогуу окуган кызым чакырды, ошонукуна барып бир-эки конуп келем. Сен үйдөн чыкпа» деп бу райборбордогу автобекетке келди. Сатар машинасы менен күтүп турган. Терезеси караңгылатылган арт жагына Турдукан олтурары менен машина зуу койду. Сатар сүйлөп барат… Турдукан эрип барат…

Элүү чакырымдай жүргөндөн кийин жол жээгиндеги калың бактын жанына токтотуп азга эс алмай болушту. Бакка тереңдей киришти. Сатар камдуу эле. Көрпө салынды, асынма сумка ачылып андагы арак, кесилген чучук, нан, помидор, стакандар чакан дасторконго коюлду. Сатар дароо аракты ачып эки стаканга куйду:

— Экөөбүздүн достугубуз үчүн,- деп дароо «сенге» өттү.

Турдукан ичпейт элем, аным ооруйт, мунум ооруйт дебеди, тартып жиберди. Анан Сатар сунган чучукту сугунуп, нандан алды. Үч ай аракты таштаган «эмгеги» ошол жерден «өлүп» берди.

Мындайда «кириш сөзү» жок эле ишке кирчү Сатар экинчи стакан алынгандан кийин Турдуканды имере тартып оозунан соруп, дароо эле үстүнө чыкты…

Аз өтпөй Турдукан Сатардыкы болуп ордунан турду, аны мойнун кучактай оозунан соруп алды:

— Алтыным турбайсыңбы, менин….

«Эми сени каалагандай талпак кылам, шуркуя» деди Сатар ичинен бу чырайына кызыккан аялга. Ага дене кумары эле болбосо, эч кандай жүрөк жактан башкарылчу сезими жок эле…

Турдукан эркек көргөндө ойсоктоп, «макул» деп турганы менен ушуга чейин бир дагы эркек менен жата элек болчу, күйөөсүнүн көзүнө чөп салган эмес…

* * *

Дагы биртопко чоң жол менен жүргөндөн кийин, тоо тарапка бурулушту да он чакырымдай суу бойлогон өңгүл-дөңгүл жол менен кокту өрдөп көздөгөн жерине жетишти. Сатар жакшы билет бу тарапты.

Суунун боюна тигилген бозүйдөн калпакчан жигит чыгып, саламын эпилдей айтып үйгө киргизди. Дасторкон жайылуу экен, түр даам. Жигит кымыз куюп сунду. Анан дасторкон четине тизилген бөтөлкөдөн бирди алып үчөөнө бирдей куйду. Алып жиберишти. Тооктун этинен жешти. Дагы жүздөн алышты. Үчүнчү стакандан кийин сөз кетти. Тиги жигит оозунда кеби бар жигит экен, эриктирбеди, күлдүрүп олтурду. Алаңгыча салам айтып, күлүмсүрөгөн чырайлуу келин үйгө кирди. Мөлтүрөйт тим эле…

— Келинчегим болот, — деди жигит, — бир аз кечигип калды окшойт, кечирип коюңуздар.

Жигит стакандарды толтурду. Сатар келинчекке баса куюусун суранды эле, ага чоң стаканга мелт-калт куюлду.

— Опий, өлтүрөсүң го кишини, — деп туруп оңбогон келин колундагысын бир эле басты. Эр экен! Артынан тооктун этинен бурдап койду.

Бир маалда жигит сырта чыгып кетип аздан соң үн салды:

— Урматтуу меймандар, сыртка чыгып берсеңиздер.

Үчөө сыртка чыкты. Жигит бир каракүрөң козуну туура тартып турган экен:

— Бата кылып коюңуздар, — деди.

— Оомийин…

Жигит менен келинчеги козу менен алек болуп, берки экөө суу бойлоп бадал аралашты. Далдоо жерге келгендеТурдукан Сатардын мойнуна асылды:

— Жаным менин…

— Анан… Азыр уят…

— Каалап атпаймынбы…

— Чыда да. Чыдамың жок го такыр…

— Сен чыдатпайт турбайсыңбы…

— Анан… -Сатар тигинин колун акырын мойнунан алды, азыр анын көңүлү жок болчу. Бу каапыр тиги шойкомдуу сезилген келинге көз артып койгон болчу, буюрса, бүгүн түнү деп.

Оо, ал келин тың келин эле, колунан да, оозунан да келген. Айылынын тыңчыкма келиндеринин бири. Күйөөсүн чимирет. Оокатын да тың жасайт, кайната-кайненени да бапестеп багат, күйөөсүнүн жакасын кирдеткен жан эмес. Бир уул төрөп, ошол бойдон төрөбөй жүрөт. Анысы он үчкө чыкты. Айылда буга кызыкпаган, ашыктыгы алоолобогон эркек жоктур. Алардын арасында жашы да, карысы да, байы да, кедейи да бар. Айда-жылда көңүлү төп келгенине макул болуп коёт, аша кетпейт. Өз баасын билет. Ошол макул болгон немесинин убактысын создурбай, бат эле айдап жолго салат. Өткүрдүгү күч. Медициналык окуу жайды бүтүп, райборбордо үч-төрт жыл иштегенден кийин шоопур күйөөсү ишсиз калып айылга көчүп келишкен.

Азыр ичеги-карын артып жатып келин тиги сымбаттуу кишини ойлоп койду. Ал сөз айтса көнөр беле?.. «Караганы сонун экен, жан дүйнөңдү эритип жиберчүдөй болуп… Жанындагысына баа берчү деле неме эмес. Өңдүү-түстүү болгону менен эркектерге бир түндүк неме. Тигинисине үзүлүп түшүп атат, ысыгы жаңы эле башталган го… Керек болсобу, бүгүнкү түндөн куру калтырайынбы, ыя, эжекеси?». Ушундай ойлоп, бу шойкому арткан келин бир жылмайып алды.

Тиги экөө келатат катарлашып. Байкалып турат: жабышканы-аял, кенебегени-эркек.

Тосуп алган жигит да, келинчеги да шамдагай немелер экен, алеки саатта эт, ичеги-карыны менен казанга түшүп, от улуу жагылды.

Сырттан дагы бир-экиден алгандан кийин Турдукандын көңүлү айнып, жаны жер тартат. Аны баамдаган Сатар жигитке айтты:

— Ай, иним, эжеңди үйгө алып кирип жаткырчы, бир аз эс алсын.

Жигит Турдуканды колтуктай жетелеп басты. Ошондо Сатар келинден сурады:

— Атың ким эле, келин балам?

— Атыр.

Оо, бу карышкыр түз качырат:

— Жакшы ат экен. Атыр, экөөбүз мас болбойлу ээ…

Келин күлдү:

— Мас болгум келсечи?

— Мен суранам.

— Бат элеби? -Шайтан келин акырын шыңкылдады,-укмушсуз го…

— Укмушмун. Мас болбойбузбу?

— Макулмун агай, мейман эмессизби.

Экөө бирин-бири түшүндү. Эми тиги экөөнү мас кылыш керек. Турдукан эми бир ичсе бүттү же ичпей эле бүттү, а тиги жигитчи?

— Жолдошуң мас болуп берер бекен?

— Болбосо, болтурабыз да.

Аңгыча жигит келди:

— Эже аябай кыйналып атат ошойт. Мурун мындайы жок беле, ыя, байке?