Домой Маданият Баратбай Аракеевдин «Периште жолу» романынан үзүндү. 12-серия

Баратбай Аракеевдин «Периште жолу» романынан үзүндү. 12-серия

317

* * *

Торпогун которуп келгенден кийин Салкын  огороддогу картошканы отоп кирди. Колу үй жумушунан бошой калары менен огороду менен алек. Анда картошкадан башка да  жашылчанын түрү бар. Баарын өзү айдаган. Бул жакта помидор бышпай калганы менен, бадыраң баштаган биртоп көк-сөк кадимкидей эле түшүм берет.

Шашке ченде кыйраңдай басып Төкөр келди. Буту төкөрүнөн Төкөр атка конгон. Бу кишинин өз аты ким экендигин Салкын билбейт. Он чакты жыл мурун карагай кыйып жатып бутун бастырып, төкөр болуп калган экен. Ал ушул жердин чоңу да, кароолчусу да. Баса, бул жерде жумушчу деп катталган Турдукандан башка дагы үч жумушчу бар.  Байы төкөр: бир үйүр жылкысы, алты саан ую, элүүдөн ашуун кой-эчкиси бар. «Нива» машинасын минет. Аялы жоо чаап жатса да эч нерсе менен иши болбогон, кулагы азга каңырыш, капкара неме. Керээли кечке жаны тынбай колу жумушта. А Төкөр болсо эби менен иштеп, эби менен эс алып, кээде көңүл ачып да коёт. Анда-санда жакага түшүп үч-төрт күн жоголуп кетип, жүдөп-какап пайда болот. Негизи жаман адам эмес, аялзатына, өзгөчө өзүнөн көп кичүүлөргө көбүрөөк кызыкканы болбосо… Кызыкканы менен куру демдүү…

-Ии, отобатасыңбы? — деди Төкөр Салкынга жакындай берип,- апаң көрүнбөйт да? -Дайым ушинтип сурайт.

-Бир жакка кеткен.

-Айткан жок беле кайда кеткенин?

-Айылга кеткен.

-Кимдикине?

-Бирөөнүкүнө. -Салкын мунун түгөнбөс суроолорун беш колдой билет. Ошондон улам дайыма кетип кутулат. — Эчкилер алыстап кетти окшойт,-деп Салкын алар жайылып жүргөн жакка басып, акырын артын караса, тиги аксалаңдап үйүнө кетип баратат. Кыз аз туруп кайра тартты.

Түш болуп калган. Салкын үйүнө келип чай куюп ичип, китеп барактады. Каникулга чыккандан кийин китепканадан толгон китеп алып келген, баарын окуп бүтүп, эми экинчи сыйрадан барактап жаткан кези. Кечинде жакшы кино болсо, телевизор көрөт. Тоо болсо да телевизор жакшы тартат.

Кеч киргенде кой-эчкисин сарайга киргизип, уй менен торпокту сыртка байлады. Тооктор жатчу жерине небак кирген экен, анын эшигин бекитти. Байлануу жаткан дөбөттөргө тамак берип, байлоодон бошотту. Анан үйгө кирип эшиктерин илип, телевизорун сайып жаңы эле диванга жатканда ит үрүп калды. Али түн кире элек. Терезе парданы ачып караса, Төкөрдүн аялы кол булгай үн салып чакырып жатат. Салкын кийинип сыртка чыкты. Тиги тамак ич деп чакырып келиптир. «Рахмат» дегенине аял көнгөн жок, барууга туура келди.

Булардын үйүндө төртөө: эрди-катын, анан алтынчы, жетинчи класста окуган удаа эки эркеги бар. Алар телевизор көрүп жатат. Салкынга жапыз столдун төр жагынан орун берилип, чай сунулду. Бир-эки чыныдан чай ичилгенден кийин эт чыгарылды. Устукан бөлүштүрүлүп, эки бала эт туураганга киришти, ырас көндүрүптүр, кадыресе чоң кишидей болуп туурап жатышат, кез-кези өздөрүнө тиешелүү эттен сугунуп коюп. Эт тууралып бүтүп, кесме салынды, согон кошулган чык куюлду. Бул даамдуу тамактан Салкын тартынбай жеди, аябай даамдуу экен. Бешбармак шашпай желгенден кийин бир чыныдан чай ичилди. Анан Салкындын устуканы оролуп, ага нан-пан кошулуп аны колуна карматышты да үйүнө жакындата узатып коюшту.

Бу бүлө тамакты бапестеп ичет. «Өзүбүздөн өзүбүз аямак белек» деп Төкөр аялын сүрөп турат. Ошондон улам дасторкону кенен. Тегерегине, тели-теңтуштары менен туугандарына бат-баттан эле тамак берет. Өзү да көп чакырылат. «Сыйга сыйдын» турмушу ушундай болот тура…

Салкын үйүнө келип телевизор сайып, төшөгүнө жатты. Төкөрдүкүн ойлоду, ыраазы болуп турду. Дайыма чакырып турат. Салкындар деле чай берет кез-кези менен… Эртең жакшылап лагман чоюп түшкү тамакка чакырыш керек деп чечти кыз.

Эртеси Салкын каадасынча эрте туруп, тоокторун чыгарып жемин чачып, мал-салын жайлап коюп тамак жасаганга киришти. Лагман чойгонду райборбордогу Магриба деген өзбек классташынан үйрөнгөн. Даамын чыгара жасайт. Огородунда да жашылчадан пиязы менен укробу, чамгыры, дагы чөп-чардын алды тамакка кошууга жарап калган. Муздаткычында чоң атасы берген эттен бар.

Тамак даяр болгон кезде Төкөрдүн бүлөсүн тегиз чакырып, ээрчите келди. Баарына жаккан лагмандан кайталай ичишти. Бөтөнчө Төкөр менен аялына бир бөтөлкө арак да чоң маани болуп турду. Ал бөтөлкө көптөн бери эле муздаткычта турчу. Апасы бир жактан ала келсе керек. Ырас керекке жарап, эрди-катынды тердетип, ак дил кылып  алкатып турду…

* * *

Сатар Кубатбекке орун басар болуп келгендей көрүнгөнү  менен акыр-аягы анын ордун алуу үчүн келген, түпкү максат ошол болчу. Борбордогу токой жетекчилеринин үчүнчү чоңу Сатар менен чогуу окуган. Анын көтөрмөлөчү чоңдору бар экен, тепкичтен тепкичке секирип атып бат эле үчүнчү чоң болуп тынды. Сатар болсо, өзүн-өзү көтөрүп жүрдү. Көтөргөнү ошол — райондук токойдун жетекчилигине да жете албады, эптеп бир коктуну ээлеген, төрт-беш жумушчусу менен. Анан досу чоң болгондо килейген ирикти куйкалап, жакшы ышталган кеңири чаначка кымыз толтуруп, акчадан арбын алып ишин куттуктап барды. Ошондо экөө ичип олтуруп, «азырынча сен иштеген районго кошуна районго орун басар болуп барасың, анын жетекчиси кенебеген неме дейт, бираз иштесең орунун аласың. Аздап болсо да кемчилиги болсун аныңдын, иштен алганга себеп болот, кемчилиги болбосо, сен таап бер, түшүндүңбү?» дегенде Сатар сонун түшүнгөн.

* * *

Сатар Кубатбекке орун басар болуп келгенден кийин ага ишенимдүү  болуп көрүнүүгө жандалбас кылды, анын көз кареги менен айланып турду. Анан кези менен ушак кебин жылдырып коюп жатты. Ырас, анын аялы аракты жакшы көргөн, сойку чалыш, анан калса дөөпөрөс да неме экен. Сатар, «буюрса, ошол тараптан оңой эле сынып бересиң го» деп ойлоп да койгон. Окуя өзү күткөндөн да жакшы болуп бүттү…

Кубатбек чет өлкөгө окууга кеткенде анын катынын тоого эки күн алып барып келгенден кийин, дагы эки ирет бир күндөн бир жерге түнөшкөн. Андай окуяны эч качан жашыра албайсың, ал бат эле угулуп, Кубатбектен башка токойчулардын баары билген, башка тааныш-билиштин баары кабардар.