Домой Тарых Арзанга сатылган 10 улуу идея

Арзанга сатылган 10 улуу идея

128

Гениалдуу идеялар алар жаралган маалда анчалык деле башкача сезиле бербейт. Тарыхтан адамдар болор-болбос акча үчүн идеяларын сатып, андан бир аз убакыт өткөндөн кийин ал идеясы жаңы ээсине түшкө кирбеген каражат алып келгенин билебиз. Мына ошондой окуялар тууралуу кеп кылмакчыбыз.

 

Эдгар ПоЭдгар Понун Эң кымбат ыры

Америкалык атактуу акын жана жазуучу Эдгар Аллан Понун “Кузгун” деген ырында сүйгөнүн жоготуп кайгырган адамга кузгун учуп келгени тууралуу айтылат. По адегенде бул ырын досунун журналында жарыялагысы келген, бирок досу баш тартып коёт. Андан кийин ал “Кузгунду” TheAmerican Review басылмасына 9 АКШ долларына сатат. Ыр ошол замат калың элдин жүрөгүнөн түнөк таап, авторго атактуулук алып келет. Бүгүнкү күнү “Кузгун” — адабияттагы жана тарыхтагы эң белгилүү чыгарма. 2009-жылы бул ыр кирген ырлар жыйнагынын бир даанасы 662 500 долларга сатылган. Эдгар По өмүр бою жакырдыкта жашап, чөнтөгүндө сокур тыйыны жок каза тапкан.

 

Уолтер ХантАнглия төөнөгүчү

Уолтер Хант — Нью-Йорктон чыккан белгилүү механик. Ал азыр биз жазып жүргөн авторучка (сыясы ичинен чыгып турган калем), бычак курчуткуч, мылтык, трамвай үчүн коңгуроолор, ашкана плитасы, муз чаккыч, кийим тигүүчү машине, көчө шыпыруучу жана мык жасап чыгаруучу машинелерди ойлоп таап, автордук укук алган. Мына ушул Хант досуна 15 доллар карыз болуп калып, аны төлөш үчүн акча издей баштайт. Ошондо анын оюна төөнөгүч жасоо идеясы келип, 1849-жылы бул идеясын WR Grace компаниясына 400 долларга сатат. Ойлоп тапкыч досуна карызын берет, WR Grace компаниясы ошол эле жылы төөнөгүчтөн миллион доллар киреше табат.

 

Джон Пембертон«Кока-Кола»

Фармацевт Джон Пембертон Кока-Коланын алгачкы формуласын 1886-жылы түзгөн. Суусундук Атлантанын дарыканаларында ошол эле жылдын май айларынан тартып мээ жана нерв системасына пайдалуу каражат катары сатыла баштаган. Бир бөтөлкөсү 5 цент болгон Кока-Кола аны ойлоп тапкан Пембертонго биринчи жылы 50 доллар гана пайда алып келген. Оорукчан жана бангизатынан көз каранды болуп калган Пембертон ичимдикке автордук укугун башка инвесторлорго 1 484 долларга сатып жиберет. Бул инвесторлор өз кезегинде Кока-Коланы мыкты ишкер Аса Кэндлерге 2300 долларга сатышат. Дал ушул Кэндлер азыркы учурдагы эң атактуу суусундуктун жападан жалгыз ээси болуп калат жана “Кока-Кола” компаниясын негиздейт. Жыйынтыгында ал компаниясын 1919-жылы 25 млн. долларга (азыркы баа менен — 341 млн.) сатып жиберет.

 

Жэймс Кэмерон“Терминатор” — Голливуддун эң мыкты идеясы

80-жылдардын башында Жеймс Кэмерон эч кимге белгисиз, үй-жайы жана колунда бир тыйын акчасы жок адам эле. Ал жылдары Жеймс машинесинде же досунун үйүндө түнөй турган. Бир күнү отуруп “Терминатор” деген тасманын киносценарийин жазат. Анысын Голливуддагы көптөгөн компанияларга сунуш кылат. Бирок алардын ичинен бирөөсү гана аны менен кызматташууга макул болот. Гейл Анна Херд эгерде ал сценарийин 1 долларга сатчу болсо, тасмага режиссёрлук кылуу укугун өзүңө берем дейт. Кэмерон балким бул тасмага болгон укугунан ажырагандыр, бирок көп өтпөй эле дүйнөнүн эң атактуу жана эң көп акча тапкан режиссёруна айланды.

Аида Мусаева