Кыргыз милициясынын алгачкы генералдарынын бири, “Манас” орденинин ээси, Кыргызстандын эмгек сиңирген юристи Токтожума Жээналиев кечээ күнү 84 жашында дүйнө салды. Сөөгү бүгүн “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюлат. Ал 1958- жылдан тарта ИИМде жооптуу кызматтарды аркалап келген. 1987-95-жж. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин окуу борборунун начальниги болуп иштеп, өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн пенсияга чыккан.
1995-жылдан КРнын Ички иштер министрлигинин Жогорку милиция мектебинде профессор болуп иштеген. CССP милициясынын отличниги жана Эмгек Кызыл Туу ордени жана медалдар менен сыйланган.