Кыргыз эли колунан кокон тили келбесе да, оозу менен орок орууга маш машаяк сындуулардан куру эмес. Алардын баарын тизмектебей эле, Эдил Байсалов деген орокчу тууралуу кеп кылсакпы деген ой жаралып отурат.
how to buy finasteride. Мына ушул айдын башталышы – 1-августта алыскы Минск токоюунда Кыргызстандын канкор президенти Курманбек Бакиев 68 жашын белгиледи.
Буга чейин “кыргыз жеринде социалдык түйүндөр кысымга алынууда” деп ызы-чуу көтөрүүгө аракет жасаган Эдил Байсалов социалдык түйүндөр аркылуу качкын президентке куттуктоо арнаганы белгилүү болду. ЖМКлардын бирине берген маегинде ал “Кыргыз эли экс-президенттин мекенине кайтып келүүсү үчүн бардык күчүн жумшоосу керек. Себеби куугунтук жана бөтөн жер өзгөчө экс-мамлекет башчысы үчүн өтө ачуу жазмыш. Буга байланыштуу мен Курманбек Салиевичке ден соолук жана өз жерине кайтып келгенге чейин жашашын каалайм. Ансыз биздин үй-бүлө толук болбойт” деген пикирин билдирди. Эреркеп кеткенби, айтор Эдил мырзанын акыркы сөздөрү Бакиевсиз ага жашоо караңгыболуп жаткандай таасир калтырды.
“Айтканга чейин сөзүңө өзүң, айтылгандан кийин ал сага кожоюн “ деген бир жакшы лакап бар. Бул кыйла жылдан бери эле бирде басыгынан, бирде оозунан чалынып, чалагайымдыгы менен таанымал болуп калган Байсаловго бап келип тургансыйт. Быйыл жыл башында өткөн бир жыйында “президентти сындоо жагынан мага эч ким жетпейт” деп балп эткизген Эдил Байсаловдун башка эрдиктерин эске салсак чубалып чыга берчүдөй.
Бакиев тактыдан куулгандан кийин ал бир аз убакыт Утурумдук өкмөттүн аппаратын жетектеп калганы эсиңерде болсо керек. 2011-жылы 11-февралда эркин гезиттердин бирине анын ТИМден сепаратист Кадыржан Батыровго жана өзүнө дипломатиялык паспорт берүүнү өтүнгөн каты жарыяланган. Канкор Бакиев менен Батыровго мынчалык жан тарткан Байсаловду ошол кылыгынан кийин океандын ары жагына окуп келген билимдүү адам деп ким ойлойт? Бийлик чөйрөсүнө кантип илешип калганы да таң калтырат. Ырас, ал азыр мамлекеттик кызматтан алыстап бош, болгону жумурткадан кыр издөөгө адистешип алгандыгын кошумчалай кетели.