Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаев өзү жөнүндө тартылып жаткан кино интервьюда казак элинен кечирим сурады. Бул тууралуу казак басылмалары Казакстандын экс-президентинин пресс-катчысы Айдос Укибайдын Твиттердеги баракчасына шилтеме берүү менен жазышты.
“Мен азыр эч качан айтпаган нерсени айтам. Бул силер үчүн сенсация болот. Мени кечиришсин. Мага кыйын. Коркпогон адамдар жок“, – деген Назарбаев тизердин үзүндүсүндө.
Айдос Укибайдын айтымында, видео үзүндү Нурсултан Назарбаев фондунун колдоосу менен ишке ашкан даректүү долбоордун бешинчи сериясы.
Документалдуу фильмдин биринчи бөлүгүндө Назарбаев качкын банкир Мухтар Аблязовдун чыккынчылыгы тууралуу айткан.
Ал ошондой эле президенттик кызматтан кетерин жарыялаганга чейин Касым-Жомарт Токаев менен болгон сүйлөшүүсү тууралуу айтып, кийинчерээк ал апасынын жоготуусун дагы деле көтөрө албастыгын айткан.
Экинчи бөлүктө Назарбаев СССР кулаганда ага Түркстан мамлекеттеринин биримдигин түзүү сунушталганын жана Чыгыш Казакстан облусунун акимчилигине (администрациясына) кол салуу аракети жөнүндө айтып берет.
Документалдуу фильмде Назарбаев Кыргыз жергесиндеги революциялар учурунда Аскар Акаев менен Курманбек Бакиевди Кыргыз өлкөсүнөн учактар кантип алып кеткенин эске салган.
Тасманын үчүнчү бөлүгүндө Назарбаев үй-бүлөсү, неберелери, аялдарга болгон мамилеси тууралуу жеке суроолорго жооп берип, сүйүп окуган китептери жана диетасы тууралуу айтып берген.