Домой Коом Бакиевдер Түркиянын оппозициялык партиясынын өкүлү менен кудалаштыбы?

Бакиевдер Түркиянын оппозициялык партиясынын өкүлү менен кудалаштыбы?

347

“Коомчулук Түркиянын президенттигине оппозиция тараптан ким талапкер болорун боолгоп жаткан маалда, коалициянын эки лидери тең: Республикалык Элдик партиянын төрагасы Кемаль Кылычдароглу, İYİ партиянын лидери Мераль Акшенер жана Анкара шаарынын мэри Мансур Яваш – İYİ партиясынын депутаты Метин Эргундун уулу Ильтериш менен Кыргызстандын экинчи президентинин кызы Алмаш Бакиеванын үйлөнүү үлпөт тоюнда жүрүштү. Үчөө тең жаңыдан баш кошкон өмүрлүк жарлардын тоюнда күбө болушту.

İYİ партиянын төрагасы Акшенер салтанатта мындай деди: “Мен бул жерде партиянын төрагасы катары катышып жаткан жокмун. Ильтериш мени “Мераль эже” дейт. 8 жашынан бери бул баланы билем, ошондуктан, үй-бүлөнүн мүчөсү катары катышуудамын. Балдарга бакыт каалайм. Жараткан экөөңөрдү бир жаздыкта карытсын. Нике жөнүндө күбөлүктү урматтуу төрага, Кылычдароглу мырзага тапшырам, анын да жаштарга айтаар акыл-насааты бар”.

Мераль Акшенерден сөз алган Кылычдароглу жаштарга бакыт каалап, “Үй-бүлөлүк китепчени кожейкеге тапгшырам”,- деп, келинге карматты. Ошондой эле, партия лидери Бакиев менен Эргундардын үй-бүлөлөрүнө жылуу каалоо-тилектерин айтты”,- бул түрк тилдүү маалымат каражаттарынан алынган тексттин эркин котормосу.

Өздүк булактардан алынган маалыматка караганда, Алмаш – экс-президент К.Бакиевдин эмес, анын иниси Адылбек Бакиевдин кызы.

Маалымат иретинде: Республикалык Элдик партиясы жана İYİ партиясы оппозициялык коалицияда. Эки жыл мурдагы шайлоолордо коалиция Анкара, Измир, Анталия, Бурса жана Стамбулдагы мэр шайлоолорду жеңип алган.

Республикалык Элдик партиясын Мустафа Кемаль Ататүрк түптөгөн.

İYİ – улутчулдук идеяларын колдойт. Ататүрктүн идеялдарын колдошот.

sayasat.kg