Домой Аналитика Жогорку сот К.Бакиевдин иниси Каныбек Бакиевге карата өкүмдү жокко чыгарды

Жогорку сот К.Бакиевдин иниси Каныбек Бакиевге карата өкүмдү жокко чыгарды

27

Жогорку сот мурдагы президенттин иниси Каныбек Бакиевге тиешелүү өкүмдү жокко чыгарды. Чечим 2021-жылдын 27-апрелинде кабыл алынды.

Жогорку соттун басма сөз кызматы Каныбек Бакиевге карата Жалал-Абад шаардык сотунун 2020-жылдын 25-мартындагы жана Жалал-Абад облустук сотунун 2020-жылдын 10-декабрындагы өкүмдөрү жокко чыгарылганын билдирди.

Кылмыш иш материалдар толук иликтенбегендиктен, процессуалдык мүчүлүштүктөр болгондуктан улам Жалал-Абад шаардык сотуна жаңыдан кароого жиберилди. Прокуратуранын кассациялык билдирүүсү канааттандырылды. Каныбек Бакиевдин жактоочусунун аны толугу менен актоо боюнча кассациялык даттануусу канааттандырылган жок.

Каныбек Бакиев Жалал-Абад шаардык сотунун 2020-жылдын 25-мартындагы өкүмү менен Кылмыш-жаза кодексинин (1997-жылдагы редакция) 304-беренеси (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен айыптуу деп табылып, 2 жылга эркинен ажыратылган (жалпы 12 эпизод). Жазаларды бириктирүү жолу менен ага 6 жылга эркинен ажыратуу чечими чыгарылган. Кылмыш-жаза кодексинин 229-беренеси (мыйзамсыз түрдө куралдуу кошуундарды уюштуруу жана ага катышуу), 241-беренеси (ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз алуу, берүү, өткөрүү, сактоо, ташуу же алып жүрүү) 343-беренеси (ок атуучу куралдарды этиятсыз менен сактоо), 233-беренеси (массалык тартипсиздиктер), 341-беренеси (бийлик өкүлүнө карата зомбулук көрсөтүү) боюнча айыптары далилбегендиктен акталган. Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси боюнча (12 эпизод) кылмыш жоопкерчилигинен бошотулган.

Жалал-Абад облустук сотунун 2020-жылдын 10-декабрындагы өкүмү менен Жалал-Абад шаардык сотунун чечими өзгөртүлгөн. Каныбек Бакиевге Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча 4000 эсептегич көрсөткүчтө (12 эпизод) айып салынган. Сот жазаларды бириктирүү менен 4 млн сом айып салган. Өкүмдүн калган бөлүктөрү өзгөртүүсүз калган болчу.

Каныбек Салиевич Бакиев 1956-жылы Сузак районунун Тейит айылында төрөлгөн.

Тергөөнүн маалыматына караганда, ал 2005-жылы декабрь айында Сузактын Ысык айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланган. 2006-жылдан 2009-жылга чейин үйлөрдү куруу үчүн жер тилкелерин бөлүштүрүү боюнча комиссиянын жетекчиси болгон. Кийин Ырыс айыл аймагында жашабаган адамдарга жер берүү чечими кабыл алынган. Алардын арасында Жалал-Абад шаарынын, Базар-Коргон районунун, Сузактын башка айыл өкмөттөрүнүн, Таш-Көмүр шаарынын тургундары болгон.

Мындан тышкары иштин материалдарында 2007-жылы 12-июлда жеке адамга айыл чарба багытындагы 3 гектар жер берилгени айтылат. Бул жер кирпич завод куруу үчүн берилген. Дагы жайыт катары эсептелген 1 гектар жер топурак казуу үчүн 5 жылга убактылуу ижара тапшырылган.

Каныбек Бакиев 2010-жылдагы апрель окуяларында мыйзамсыз куралдуу топторду түзүүгө катышкан деген айып тагылган. Иштин материалдарында ал өзүнүн бир туугандары Акмат жана Жаныш Бакиевдер жана башка тарапташтары менен бирге 2010-жылдын 8-15-апрель күндөрү президент агасы Курманбек Бакиевге колдоо көрсөтүү жана убактылуу өкмөткө каршы туруу үчүн куралдуу топторду (арасында Тейит айылынын тургундары да бар) түзгөнү айтылат. Топтолгондордун саны 350дөн 500 адамга чейин жеткен. Алар куралчан болуп, Бишкек—Ош жолун тосуп, унааларды токтотуп, андагы адамдарды текшерүүгө алышкан.

2010-жылдын 19-апрелинде Каныбек Бакиев Жалал-Абад облустук администрациясынын алдында митингге катышты деп айыпталган.

Тергөө органдарынын маалыматына караганда, митингге 1000 адам топтолгон. Анын басымдуу бөлүгүн түзгөн аялдар өздөрүнүн талаптарын көтөрүп чыгышкан. Болжол менен саат 16:00 чамасында жарандык топ Пайзуллабек Рахмановду Жалал-Абад облусунун губернатору кызматына алып келүүнү чечишкен. Бирок убактылуу өкмөттүн чечими менен 15-апрель күнү бул орунга Бектур Асанов дайындалган. Тергөө материалдарында ошол убакта Бакиевдин тарапташтары облустук администрациянын имаратын мыйзамсыз басып алышканы айтылган.

turmush.kg