Жер каймактагандан бери эчен доор алмашты, эчендеген адамдар жарык дүйнөгө келип, эчендеген адамдар оо дүйнөгө узады. Ар бир муундун алмашышы менен баалуулуктар да, жашоо образы да алмашат экен. Алыс кетпейли, Советтер союзу ыдырагандан кийин өз алдынча көз карандысыз өлкөгө айланган Кыргызстанда да бир топ өзгөрүүлөр болду. Эркиндик, демократия, сөз эркиндиги өлкөбүзгө жайбаракат эмес, катуу бороондой эле болуп кирди. Анын натыйжасында улкунуп-жулкунуп сүйлөгөндөр, жалгыз өзү эле бүтүндөй адамзатынын тагдырына күйүп аткандай түр жарата билгендер пайда болду. Мамлекетибиздеги жогорку трибуна болуп саналган парламент трибунасында сөз көтөрүмдүүлүгү жоктор, мушташка жакындар көбөйдү. Айтор, баягы СССР доорундагы сабырдуулук, маданияттуулук, интелектуалдык деңгээлден ныпым эч нерсе калбады.
Натыйжада Өмүрбек Текебаевге окшогон кооз сүйлөгөн, эл алдында чындыкты айтып аткандай түр жарата билген, бирок көшөгө артында жеке кызыкчылыктарынан өйдө көтөрүлө албаган саясатчылардын доораны сүрдү. Мындай доор чейрек кылымды “жутуп алды”. Ошол убакыт ичинде элибиз Текебаевге окшогондордун чыныгы жүзүн анчалык айра тааный албай келишти. Алардын сүйлөгөн сөздөрүнө ишенип, чыныгы патриот катары эсептешти. Бирок, макалабыздын башында айтып кеткендей доор алмашат экен, акыры убакыттын кандайдыр бир мерчеми саясатчылардын да чыныгы жүзүн таанытат экен. Кыязы, саясатчылардын чыныгы жүзүн жаап-жашыруу доору аяктады окшойт. Буга бүгүнкү күндө ири суммадагы коррупцияга айыпталып, сот жообуна тартылып аткан “Ата Мекен” партиясынын лидери Ө. Текебаевдин тагдыры ачык мисал боло алат.
Жалган эч качан чындыкка айланбайт
“Мени эч ким камай албайт” деген дымак менен жүргөн Ө. Текебаевдин учурда айласы алты кетип туру. Анын “Мегаком” компаниясын россиялык ишкерге алып берем деген убада менен 1 миллион доллар алганын конкреттүү күбөлөр айтып беришүүдө. Албетте, адегенде Өмүрбек Чиркешович таптакыр эч нерсени мойнуна алгысы келбей танып турду. “Мен Маевскийди тааныбайм, аны менен таптакыр жолуккан эмесмин” деди алгачкы сот отурумдарында. Кийинчерээк кайра “Маевский менен эки жолу жолуккам” деп көрсөтмөсүн өзгөртүүгө аргасыз болду.
“2010-жылдын майында Москвага баргам, 5-11-майда Европадагы парламенттер аралык ассамблеянын жыйынына катышкам. Ооба, Маевский менен эки жолу жолукканмын. Анда шайлоо өнөктүгү болуп жаткан. Штабдагылар Россияга баруумду суранды. Ошол учурда Кулов Медведев менен, Атамбаев Путин менен, Бабанов Нарышкин менен жолугуп келген. Менде Мироновдон башка каналдарым болгон эмес. Чотонов чалып Бишкекке Кремль менен байланышы бар жигит келгенин айтып, “Супарада” жолуктук. Ал менин Москвадагы сапарымды камсыздап бере турган болгон”, — деген Текебаев.
Андан ары сөзүн улаган Текебаев Маевский менен телефондон сүйлөшүп жүргөнүн да айткан. “Москвага барганда Маевский кеңсеме келиңиз деп чалып калды. Мен анын унаасында болгондуктан баш тартууга мүмкүн болбой калды. Мени менен 6 киши чогуу болгон жана анча чоң эмес ашканадан жолуктук. Биз тамактандык, ал бир канча дежур болуп калган тостторду сүйлөдү. Чыгып жатканыбызда бир журналист кыз келип менден маек алды. Ошол күнү Бишкекке кайтып келгем”, — деген ал июль айынын баш чендериндегир сот отурумунда.
Ал эми Маевский Текебаев менен болгон жолугушууда таптакыр башка маселе тууралуу сүйлөшүү болгонун билдирет. “Текебаев менен телефондон сүйлөшүп жаттык. Бир канча убакыт өткөндөн кийин Москвага келип калды. Ал ошондо мамлекеттин башчысы болом деген. Текебаев өзүнүн сапарын чагылдыруу үчүн журналисттерди издеп баштады. Ал ММК өкүлдөрү менен жолукканда Связина деген журналистти таанып калдым. Жолугушуудан кийин Текебаев менен менин кабинетимде жалгыз калдык. Ал миллионду төлөгөндөн кийин 10 пайызын мамлекетке өткөрөсүң деди. Мен эксперттерге, адистерге ири суммадагы акча коротконумду айтып, бул мүмкүн эмес дедим”, — деген Маевский.
Ал эми ортомчу маркум Маматкеримов болгонун Маевский менен Модиндин айткандары тастыктоодо.
Кече жакындагы сот отурумдарынын биринде Текебаевдин адвокаттары “2010-жылдын 13-майында Маевский Кыргызстанда болгон эмес, ага ылайык Текебаев менен жолугушу мүмкүн эмес болчу» деп чыгышкан. Муну “Ата-Мекен” партиясынын лидери Ө. Текебаевдин камчысын чапкан маалымат булактары жакшы эле чуулдатышты.
Бирок, жалган эч качан чындык болуп бербеси бат эле билинди. Мисалы, көп күттүрбөстөн эле интернеттеги социалдык түйүндөрдүн биринин колдонуучусу Сергей Вольф 2010-жылдын 12-майында Маевскийдин Кыргызстанга учуп келип, 14-майда кайра учуп кеткенин тастыктаган авиарейстин отчетун (выписка) жарыя кылды. Демек, 2010-жылдын 13-майында Маевский Кыргызстанда болгону анык болуп атабы? Ар кандай кырдаалдан камырдан кыл сууругандай чыгып кетем деп жүрүүчү Текебаев эми буга эмне деп жооп бере турганы кызык.
Текебаевде бир гана жол бар: “Мен пас” деп “картаны жабуу”
Ооба, мыйзам өтө катаал, бирок ал аткарылбаса, анда өлкөдө эч качан мыйзамдуулук орнобойт. Акыйкаттык өкүм сүрбөйт. Эгерде биз Ө. Текебаевдин саясаттагы узак жылдык тажрыйбасын эске алып, “кой, муну камабайлы, эркиндикке чыгаралы” дей турган болсок, демек өлкөбүздө мыйзамдуулуктун орношуна каршы чыккан болобуз. Мыйзам баарына бирдей болушу керек, ал жерде кимдир-бирөөлөрдүн саясаттагы тажрыйбасы эске алынбашы кажет.
Азыркы тапта Текебаевдин сот ишине саресеп салып тургандардын баары эле миллион доллардын алынганына терең ишенип турушат. Себеби, буга бардык фактылар бар. Мисалы, Маевский сотко келип берген көрсөтмөсүндө мындай деген: “Чотонов менен акча тууралуу сүйлөшкөнбүз. Кийин мен Москвага кеттим. Бишкекке бир, эки күн гана түнөп калчумун. Мен Москвага кайтып барып чечим кабыл алдым. «Мегакомдун» жетекчилик кызматын алмакчы болгонбуз, ал кызматка мен Модинди коймокчу болгом. Себеби ал Кыргыз мамлекетин жакшы билчү, ага ишенчүмүн. Чотонов мага чалып шаштыра берди. 300 миң долларды Модин Текебаев менен Чотоновго берген. Текебаев менен Чотонов акчаны алганын мага ырасташкан. Кийин Текебаев Москвага барган. Мен Текебаев менен кеңсемде жолугушуп жалгыз сүйлөшкөнбүз. Сентябрдын аягына чейин, башкача айтканда, эки жуманын ичинде компанияда үлүшкө ээ болууну пландаганбыз. Текебаев 700 миң долларды бербесең жумушту бүтүрбөйм деп туруп алган. Акчаны берип жибергем. Кийин Текебаевге чалсам акчаны алдык, баары жайында деп айткан».
Акыры 1 миллион доллар Текебаевдин колуна эки транш менен жеткен. Бирок, ал өзү берген убаданы аткарган эмес. «Текебаев убаданы аткарам деп көпкө создуктурду. Мен чалган учурда «бизде азыр саясий күрөш жүрүп жатат, күтө тур биз бир жыл эмес көп жыл иштешебиз» деп туруп алды. Макул болгом. Кийин Бишкекке учуп келип жолугуштук. Телефондорду коңшу бөлмөгө таштап, катуу сүйлөштүк. Убаданы аткарышы керек эле, аткарбай коюшкан», — деген бул тууралуу Маевский.
Ал эми Текебаев менен Маевскийди тааныштырган А. Модин 1 миллиондун 300 миңин борбор калаадагы «Вефа-центр» соода борборундагы офистен Маматкеримовго бергенин айтат. Ал офиске беш-алты жолу барганын да билдирген.
Айтор, фактылар жана далилдер Текебаевди туш тараптан кыса баштады. Андыктан күнөөсүн мойнуна алып, мыйзам чегинде жазасын тартуудан башка аргасы калбай туру.