Домой Аналитика Эдил Байсаловдун орун басарлык кызматка мыйзамсыз келгени аныкталды

Эдил Байсаловдун орун басарлык кызматка мыйзамсыз келгени аныкталды

2638

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин расмий сайтында өкмөт мүчөлөрү жөнүндө маалыматтар жайгашкан. Бирок, алардын ичинде Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жөнүндө маалымат жок. Бул тууралуу “Ата Мекен” партиясынын катарынан шайлоого аттанган Эрлан Аскаров өзүнүн фейзбук баракчасына жарыялады.

“Жок экенинин сырына кызыгып, интернет аркылуу Байсаловдун өмүр баянын изилдеп көрдүм. Байсалов 1999-жылдан 2007-жылга чейин НПОдо 8 жыл жетекчи болуп жүрүптүр. 2012-жылы Социалдык өнүгүү министринин орун басары жана анын милдетин аткаруучу, 2019-жылдан азыркыга чейин Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчиси болуп жалпы мамлекеттик кызматта 3 жыл стажысы бар экен. Жакында эле кабыл алынып, Президент кол коюп, сыясы кургай элек “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” конституциялык мыйзамынын 8-беренесинде Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү, аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчилери учун белгиленген талаптар жана чектөөлөр бар.

Ал талаптар мындай дейт: “Министрлер Кабинетинин Төрагасынын жана Министрлер кабинетинин башка мүчөсүнүн, аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчисинин кызмат орундарында жогорку билимге ээ, мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматта жалпысынан 10 жылдан кем эмес иш стажы бар, анын ичинде жетекчи кызмат орундарында 5 жыл, ошондой эле тийиштүү иш чөйрөсүндө 10 жылдан кем эмес, жетекчилик иш тажрыйбасы бар адамдар ээлей алат” дейт.

Бул саналган талаптардын ичинде 10 жылдык мамлекеттик кызматтагы стаж баарына тиешелүү. Ошонун ичинде 5 жыл жетекчи кызмат да болуш керек. Эдил Байсаловдо 10 жылдык мамлекеттик иш стажы да жок, 5 жылдык мамлекеттик кызматта жетекчи стажы да жок.
Талаптын экинчи бөлүгүндө ошондой эле тийиштүү иш чөйрөсүндө 10 жылдан кем эмес, жетекчилик иш тажрыйбасы бар адам да, 5 жылдык стажы жок болсо да Министрлер Кабинетинин мүчөсү боло алат деп турат. Бирок, Эдил Байсаловдун кашайып башка чөйрөдө да, 10 жылдан кем эмес жетекчилик иш тажрыйбасы жок экен. Жогоруда айткандай, 1999-жылдан 2007-жылга чейинки 8 гана жылдык НПОдо жетекчи болгон экен.
Ошентип, Байсаловдун Өкмөт мүчөсү болуп дайындалышы мыйзамсыз. Ошондон улум Өкмөт анын өмүр баянын сайтка иле албай жатат.
Кечээ эле Байсалов өзү “КРнын мыйзамдарын сактайм жана коргойм” деп ант берди. Президент да ошондой ант берген.
Эгер, мыйзамды сыйласак, анда Байсалов бул кызматтан баш тартып кетиш керек. Жок, Байсалов Кыргызстан үчүн маанилүү адам дешсе, анда мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизип, кайрадан дайындаш керек.
Бул маселе боюнча Министрлер Кабинети жакынкы күндөрү ынанымдуу, мыйзамдуу жооп бербесе, анда “Ата Мекен” партиясы Эдил Байсаловдун Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары болуп дайындалышынын мыйзамдуулугу боюнча сотко кайрылат”-, деп билдирген Эрлан Аскаров