augmentin 457 dosage for children.
Мурдагы өкмөт башчысы, учурдагы президенттикке талапкер Темир Сариев зериккенби, айтор, 8-августта «Фарид Ниязов менен Икрамжан Илмиянов “Форумдун” имаратында кызмат адамдары менен жолугушууларды уюштуруп, Жээнбековду колдоого үгүттөп жатат» дегендей «жомогун» айтып чыкты.
Биринчиден, азырынча Сооронбай Жээнбековду БШК шайлоо мыйзамдарына ылайык расмий каттай элек, ал катталары менен кызматтан кете турганын да буга чейин билдирген.
Экинчиден, «Форумдун» имаратында КСДПнын штабы жайгашкан. Ал жакка жумушу бар адамдардын баардыгы бара алат. «Барбагыла» деп тыюу салганга да эч кимдин укугу жок. Андыктан Т. Сариевдин бул билдирүүсү жөн гана өзүнө көңүл бурдуруу аракети болуп атканын С. Жээнбековдун шайлоо штабынын башчысы Фарид Ниязов «Азаттык» радиосуна курган маегинде билдирди. «Бул билдирүү күчтүү атаандашы аркылуу өзүнө көңүл бурдуруу аракети. Бул кадимки эле пиар технология. “Форумга” аткаминерлер иш учурунда келип жатат деген негизсиз. Биз жолугушууларды уюштурбайбыз. Иштен тышкары убакта келгенге алардын укугу бар. Келбегиле деп чектей албайбыз», — дейт ал.
Чын да, кимдин ««Форумга» келбегиле!» деп чек койгонго акысы бар? Анын үстүнө азыркы тапта үгүт иштери деле баштала элек. Эгерде Темир Аргенбаевичтин да «Форумда» жумушу бар болсо келе берсин, эч ким тыюу салбайт.