Эл аралык байкоочулар Ош шаарында шайлоочулардын жандуулугун жана Кыргыз Республикасынын президентин шайлоолордун жогорку сапатын баса белгилеп жатышат.
Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин миссиясынын эл аралык байкоочусу Александр Яблоковдун айтымында, байкоочулар шайлоолорду өткөрүүнүн заманбап системасына абдан таң калышууда.
“Шайлоочулар абдан жандуу катышууда. Тартип бузуулар менен кемчиликтер жок. Аялдар, улгайган адамдар жана жаштар да шайлоо участкаларына жандуу келип жатышат. Эч кандай көйгөй жаралганын көрө албадык. Жашоочулар менен баарлаштык, маанайлары жакшы, тартип бузуулар жок. Бул эң башкы фактор. Биздин алган таасирлерибиз да абдан жакшы”, — дейт А.Яблоков.
“Таасирлер эң жакшы. Добуш беребиз дегендер көп, катышуу жогору болууда, шайлоочулар жандуу, ал эми шайлоо процесси да абдан жакшы уюштурулган. Биз барган бардык шайлоо участкаларында тартип сакталууда, ошол эле учурда добуш берүүгө келгендер арбын, азаматтар”, — деп пикир бөлүштү КМШ Миссиясынын эл аралык байкоочусу Людмила Кузьменкова.
Ошондой эле байкоочулар шайлоо процессин уюштуруу бардык шайлоо нормаларына туура келет жана жогорку деңгээлде дешет.
Ош шаарында саат 16:00го карата 78 миң 700 адам же шайлоочулардын 49,4%ы добуш беришти.