15-октябрда болуп ɵткɵн президенттик шайлоо Кыргызстандын эгемен тарыхындагы эң таза, калыс шайлоо болсо, 52,79 % добуш менен жеңишке жетишкен КСДП партиясынын талапкери Сооронбай Жээнбеков эң реалдуу жеңишке жетишти. Болбосо, айткылачы, буга дейре мындай ачык-айкын шайлоо, таза күрɵш, реалдуу жеңиш болгон беле?
Акаев, Бакиевдин мезгилдеринде таза шайлоонун жыты да жок болчу. Добуш берүүнүн жыйынтыктары каалагандай бурмаланып, натыйжада Акаев менен Бакиев, алардын партиялары шайлоочулардын дээрлик бардыгынын колдоосуна ээ болуп чыга келишчү. Шайлоонун жыйынтыгын жасоо үчүн не деген гана шайлоонун шайтан оюндары жасалчу эмес. Мындай жогорку кɵрсɵткүчтɵр адатта авторитардык, диктатуралык ɵлкɵлɵрдɵгү шайлоолордо гана болот. Ошол эле АКШны алсак, Трамп Клинтонду аз гана айырмачылык менен жеңди. Бизде да ошондой болду. Бул шайлоонун жыйынтыгы бурмаланбаганын, жасалбаганын кɵрсɵтɵт, Сооронбай Жээнбеков ɵзүнɵ берилген реалдуу добуштардын негизинде жеңишке жетишти.
Шайлоону таза ɵткɵрүүдɵ, талапкерлер үчүн бирдей шарттарды түзүүдɵ президент Алмаз Атамбаевдин эмгеги чоң болгонун белгилей кетели. Анын эркинин, чечкиндүүлүгүнүн аркасында биометрикалык шайлоо системасы киргизилди, Акаев, Бакиевдердей кийинки мɵɵнɵткɵ шайланууга ниети да болгон жок, Конституциянын талабын кыйшаюусуз аткарып, анын гаранты боло алды. Бул айтанга оңой болгону менен бирок Алмаз Атамбаев бул жагынан чоң эрдик жасаганын белгилебей коё албайбыз. Муну менен Атамбаев ɵзүнɵн кийинкилерге үлгү кɵрсɵттү, Кыргызстандагы демокртиянын ɵнүгүүсүнɵ жаңы дем берди.