Домой Саясат Бабановдун күнү экстремисттик күчтөргө түшүп калдыбы?

Бабановдун күнү экстремисттик күчтөргө түшүп калдыбы?

62

sertralina para que sirve. 21752269_1387129861405947_6016163601737424592_n

7-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановго экинчи ирет эскертүү берди. БШКнын мындай чечимине Бабановдун үгүт иштерине мурдагы муфтий, белгилүү дин аалымы Садыкжан Камаловдун катышканы себеп болгон. Мындай мыйзамсыздыкка нааразы тараптардан арыз келип түшкөн жана атайын жумушчу топтун чечими менен эскертүү берилген.

Бабанов үгүт иштерине тарткан Садыкжан Камалов үй-бүлөсү менен экстремисттик  уюм катары саналган «ваххабийлердин” активдүү колдоочусу катары белгилүү. Анын агасы Мухаммадрафик кары Камалов 2006-жылы Ош шаарында коопсуздук күчтөрүнүн атайын иш-чарасы учурунда окко учкан. Кыргызстандын күч кызматтарына каршылык көрсөткөн. Чет элдик мандемдүү диний аалымдар жана белгилүү инсандар менен болгон байланышынан улам Садыкжан Камалов Кыргызстандын жана Өзбекстандын атайын кызматтарынын көз кырына илинген.  

Садыкжан Камаловдун бир тууган иниси Рашод Камалов да халифат курууга үндөп, мамлекеттик түзүмгө каршы чакырыктарды таштаган, экстермисттик маанайдагы үгүт материалдарын тараткан, Сирияга кишилерди азгырган деген айыптар менен 2015-жылы 5 жылга соттолгон. Бабановдун колдоочусу, үгүт ишене пайдаланган С.Камаловдун дагы бир иниси Абдулвали Камалов «Өзбекстандын Ислам кыймылы» террордук тобунун насаатчысы болгон. Ал көп жыл мурун дайынсыз жоголгон. Айрым маалыматтарга караганда Абдулвали Камалов Сириядагы согушка катышып жүрөт.

Бабановдун үгүт иштерине экстремисттик күчтөрдүн мүчөлөрүн пайдаланып жатышын бир катар чет элдик маалымат каражаттары да жазып чыкты. Маселен, “Независимая газета”  жана “Новые ведомости” басылмалары “Жаш талапкер радикал исламчылардын да колдоосун алгысы келеби?” деген көлөмдүү макаласын жарыялады. Анда Бабановдун бир тууган Камаловдорду, дагы башка экстремисттик уюмдарга мүчө болгон адамдарды үгүт иштерине пайдаланып жатканы кеңири жазылган.

БШКнын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бегматов болсо Өмүрбек Бабанов берилген эскертүүлөрдөн жыйынтык чыгарбай турган болсо шайлоодон четтетүү маселеси да караларын маалымат каражаттарына берген маегинде билдирген. “Өмүрбек Бабановго БШК үгүт учурунда диний ишмер Садыкжан Камаловду аралаштырганы үчүн экинчи ирет эскертүү берди. БШК талапкерлерди мыйзамдуулукка чакыруу үчүн эскертүү берет. БШКнын эскертүүлөрүнөн чечим чыгарбаган талапкер шайлоодон четтетилет”, — дейт ал.

Буга чейин айрым маалымат каражаттары шайлоодон жеңилерин билген Бабанов өлкөдө башаламандык уюштурууга камынып жатканын жазып чыккан. Ал ортодон парламент депутаты, Бабановдун активдүү колдоочуларынын бири Канат Исаевдин төңкөрүштү пландоо аракети ачыкка чыгып кетти. Иликтөө иштеринде бул ишке Бабановдун аралашканы да ачыкка чыгып жатканы кабарланууда.

Кыргызстанга тынчтык керек жана жарандык согушту эч ким каалабайт. Бийлик үчүн экстремисттик күчтөрдү пайдалануу менен башаламандыкты уюштуруудан кайра тартпай турганын далилдеген  Бабановго татыктуу баа берилиши керек.