Буга чейин президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановдун өкүлдөрү тарабынан шайлоочулардын добуштарын сатып алуу аракеттери жасалып атканы эл арасында көп эле айтылып келген. Акыры мындай көрүнүшкө нааразы болгондор укук коргоо органдарына арыз менен да кайрылышкан.
Маселен, Р. Х. аттуу жарандын арызы менен КР Кылмыш-жаза кодексинин 140-беренеси (Шайлоочулардын добушун сатып алуу) боюнча кылмыш иши козголгон. Ал жарандын айтымында Ош шаарынын эки жашоочусу Д. А. менен М. М. ага Ө. Бабановду колдоо үчүн 2000 сом сунушташкан.
Ошентип соттук териштирүүлөр жүрүп, аттары аталган экөөнүн күнөөлөрү далилденген. Бирок, арыз жазуучунун өтүнүчү менен бул кылмыш иши токтотулганын Баш прокуратура билдирди. Себеби, арыз жазуучу менен айыпталуучу тарап жарашып алышкан. «Соттун жүрүшүндө бул адамдардын күнөөлөрү толугу менен далилденген», — деп белгилейт Баш прокуратура.
Негизи мыйзам боюнча мындай кылмышка 300 миң сомго чейинки айып пул же 5 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.
Ошентип президенттикке талапкер Ө. Бабанов шайлоочулардын добуштарын сатып алуу аркылуу жеңишке жетишүү планын койгону ачыкталды. Акчанын күчү менен бийликке келгиси келген саясатчынын көздөгөнү эмне болушу мүмкүн?