Шайлоо алдындагы кооз убадалар, бийликке каршы элди көтөрүүгө чакырыктар, өлкөбүздүн ички ишине коңшулаш мамлекеттин жетекчилигинин кийлигишүүсү, айрым талапкерлердин аларга «жүгүнүүсү», «Бакиевдерди ушулар кубалап чыккан, эми өч ала турган убакыт келди» деген реваншисттик аракеттер эч качан өлкөбүздү жакшылыкка жетелебей тургандыгын билебиз. Тилекке каршы, мына ушундай аракеттер көз көрүнөө жасалууда.
betnovate-n for acne. Административдик ресурс иштесе экөөнө иштейт
Президент Алмазбек Атамбаев 7-октябрда мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземинде мына ушул көрүнүштөргө өзүнүн өтө катуу айтылган пикирин билдирди. Кашкайган чындыкты жаап-жашырбай, кагазга ороп отурбастан «жылаңачтап» туруп айтты. Ооба, муну айтуучу убакыт келген, болбосо бийликке жетсем дегенде эки көзү чоктой кызарып, тумандап турган айрым талапкерлер элибизди өзгө элдин алдында чөгөлөтүп, кул кылып берүү кадамын таштоодо. Байыртадан эркиндикти сүйгөн, эч качан башкалардын алдында чөгөлөбөгөн элибизди тизеге чапканы туру.
«Азыр биз шайлоого даярдыктарды, президент Атамбаевди 2009-жылкы президенттик шайлоодо өзү штабды жетектеген, биринчи-вице-премьер Өмүрбек Бабанов, Бакиевдик өкмөттүн министри Төрөбаев кандайча каралап атканын көрүп атабыз. Эртең менен мен Төрөбаевдин: «Бакиевди Оштон Сооронбай кубалаганын унутпагыла, өч алыш керек. Биз Бабанов менен бизнес жасайбыз» деп аткан аудижазууну уктум. Бул коммерциялык камок. Мен баары бир таза шайлоо өткөрөм. Ар бир эл өзүнүн башкаруучусуна татыктуу», — деди Алмазбек Атамбаев.
Ооба, чындыгында эле биз Ө. Бабанов менен Б. Төрөбаевдин эл менен жолугушууларында: «Бийлик административдик ресурсун колдонуп атат, силер андан коркпогула» деген сөздөрүн тоту куштай кайталап атканын угуп атабыз. Ошол эле убакта өздөрү элдин добушун акчага сатып алуу аракетин жасап аткандары боюнча сөз кылгылары келбейт. Экинчиден, бүгүнкү күндө эч кандай административдик ресурс иштебей тургандыгын да алар жакшы билишет. Себеби, Бабановдун башкы атаандашы болгон КСДПнын талапкери С. Жээнбеков учурда эч кандай мамлекеттик кызматта иштеген жок. Тескерисинче Бабанов менен Төрөбаев парламентте эки бакыйган фракциянын лидери болуп отурушат. Эгерде административдик ресурс иштесе, мына ушул экөөнө иштеши мүмкүн.
Б.Төрөбаев кыргыз элинен өч алгысы келеби?
Баса, 2009-жылкы президенттик шайлоонун кандай өткөнүн да элибиз жакшы билет. Ошондо шайлоону өткөрүү штабын Бабанов өзү жетектебеди беле? Дал ошол убакта административдик ресурс иштеген. Андыктан өзүнүн бир убакта Бакиев үчүн жасаган административдик ресурсу менен бүгүнкү кырдаалды салыштырып көрсө деле болмок.
Ал эми Б. Төрөбаевдин «Сооронбай Бакиевдерди кубалаган, өч алышыбыз керек» дегени апрель революциясынын баатырларынан өч алуу керек, жалпы кыргыз элинен өч алуу керек дегени эмеспи.
«Эмнеге бизге дал ушундай жетекчилерди казак бийлиги таңуулагысы келип жатат? Алар Бакиевдерди жакшы көрөт. Бакиевдер азыркыга чейин Алматыда өздөрүнүн майрамдарын өткөрүшөт. Мен Казакстандын өтө жогорку адамдарынан бир нече жолу «Бакиев элди туура аткан» деп айтканын уккам. Мен муну уккам. Фамилияларын атабайм. Себеби биз казак элине начар үлгү көрсөтүп атабыз. Бул Кыргызстанда кайрадан башаламандык башталат деген үмүт, андай эми болбойт. Мен өлкөбүздө кайрадан Бакиевдик доорду алып келгиси келгендердин ар бири менен сүйлөшөм», — деди мамлекет башчысы.
Ооба, биз Казакстандын Алматысында Бакиевдер жана аларга жакын санаалаштарынын өздөрүнүн үй-бүлөлүк тойлорун өткөрүп келатышканын угуп атабыз. Эгерде казак бийлигинин бизге көңүлү түз болгондо мындайга жол бербейт эле. Эгерде казак бийлигин мыкчып турган лидер Кыргызстандын да өнүгүшүн кааласа, элдин добушун акчага сатып алууну көздөгөн, алардын алдына жүгүнүп бара калган талапкерди ачык колдобойт болчу. «Бул тандоо кыргыз элинин гана тандоосу, биз силердин ички ишке кийлигише албайбыз» деген жоопту берип узатып коймок. Тилекке каршы, казак лидери анте алган жок.
Уурунун өзү ууруну кармагыла деп жатпайбы
“Анан биздин жергиликтүү бай-манапчик «алты жылда эч нерсе жасалган жок, коррупция гүлдөп атат» деп атканда талапкерлердин бири коррупцияны андан баштай турганын туура айтты. Мурда мен жумшак болдум, ишенчээк болгон болсом, ага азыр өкүнөм… Өтө ишенчээк адаммын. Андайларды тыптыйпыл кылыш керек. Алардын орду түрмөдө! Бирок, муну биз шайлоодон кийин жасайбыз. Эгерде силер ал акчаларды алсаңар дагы, ал акчалар уурдалган акчалар экенин билгиле. Кыргыз элинен, казак элинен уурдалган акчалар. Мамлекет үчүн добуш бергиле!», — деди президент Атамбаев.
“Ууруну карма деп, ууру жүрөт” демекчи Бабанов өзү коррупцияга белчесинен батып алып, анан кайра өзүнүн атаандашын “Сиз эмнеге коррупция тууралуу сүйлөбөй атасыз?” деп демиткенине жол болсун. Ага кандай жооп алганын жалпы коомчулук укту. “Коррупция менен күрөштү сенден баштайм” деди С. Жээнбеков Бабановго.
Алмазбек Атамбаев кыргыз эли эч качан чөгөлөп жашабай турганын да айтып өттү. “Балким бай-манапчиктер, алардын жансакчылары, жардамчылары чөгөлөп жашайттыр, жылына 25%дан төлөп. Бизде бир да жаран тизелеп жашабайт. Балким ушул талапкерлерге кайсыл өлкөдөн акча келип аткан болсо, ошол жакта адамдар чөгөлөп жашайттыр, бирок бизде эмес. Биздин өлкө – эркин адамдардын өлкөсү. Бизде бардык кирешелер биздин мамлекетке кетет. Үй-бүлө менен, клан менен, олигархтар менен бөлүштүрүлгөн ИДП менен мактанбаш керек, канча жол жасалганы, канча мектеп курулганы менен мактаныш керек. Биз Утемуратов кимдин капчыгы экенин билебиз. Бабановго берсин акчасын, Сариевге берсин. Бизге андай уурдалган акчанын кереги жок. Андан көрөкчө өзүнүн элине бербейби, казак элине”, — деген да оюн айтты мамлекет башчысы.
Ооба, кыргыз эли эч качан чөгөлөп жашаган эмес, акча үчүн башка элге эч качан кошомат кылбаган. Ал эми айрым талапкерлер өзүнүн жеке кызыкчылыгы үчүн элибизди өзгө элдин алдына чөгөлөткөнү атканы өтө өкүнүчтүү.
Элди булар көтөрө албайт, көтөрсөм мен көтөрөм
«Мен акыйкат, таза бийликтин үлгүсүн көрсөткөнүмө сыймыктанам. Мен Кудай буюрса, шайлоодон кийин бардык эски элитаны ала кетем, балким алардын айрымдары Максим Бакиевдей 40 жашка чыга электир, ошентсе да ала кетем, бирок мен кайтып келем, а алар эч качан кайтып келбейт. Себеби, азыр башка адамдар жана силер өзүңүздөр көрдүңүздөр: үч эң эле мыкты, көрүнүктүү компаниялар менин заказым боюнча социологиялык сурамжылоо жүргүзгөн. Эгерде башында президенттин атынан талапкерге 3% болсо, ал Бабановдо 39 болгон, азыркы тапта биздин талапкерге 40%дан ашуун, ал эми Бабановдо – 20%. Биздин адамдар ким кандай экенин айырмалай алат. Бирок, ал үчүн мурда эмне болгон, мурда кандай жасалганын караш керек. Кудай мага өз жеримдин топурагын буюрсун. Булар качат, өздөрүнүн капчыктарына качат. Булар да качат, көрөсүңөр, камаганга үлгүрбөсөк. Элди булар көтөрө албайт, элди көтөрсөм мен көтөрөм, ошондо офистен офиске, үйдөн үйгө кыдырып баштабайын», — деген мамлекет башчысынын сөзүндө ачуу чындык бар.
Өзүн жаш саясатчымын деп аткан талапкер жаштыгына карабай, эскиргендигин мойнуна алышы керек. Биздин элге курагы боюнча жаш эмес, жасаган иши, баскан изи таза президент керек. Ал эми башка элдердин алдында элибизди тизелеткиси келип аткан саясатчылар акыры өз элине батпай качат. Себеби, элибиз андайларды эч качан арасына кошкусу келбейт.