7-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясы жыйынга чогулуп, президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановго экинчи жолу эскертүү берипсиздер. Негизи талапкерге канча жолу эскертүү берилсе шайлоодон четтетилет?
magic pharmacy online usa 67. — Биринчиден, силер айткандай эле президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановго БШК үгүт учурунда диний ишмер Садыкжан Камаловду аралаштырганы үчүн экинчи ирет эскертүү берди. Ал эми мыйзамда канча жолу эскертүү берилсе шайлоодон четтетилет деген так жазылган эмес. Жөн гана бир канча ирет деп жазылган.
— Бабановго анда кечке эле эскертүү бериле береби?
— БШК талапкерлерди мыйзамдуулукка чакыруу үчүн эскертүү берет. Бабановго болсо атайын жумушчу топтун иликтөөсүнөн кийин эскертүү берилди. Ал эми БШКнын эскертүүлөрүнөн чечим чыгарбаган талапкер шайлоодон четтетилет.