2010-жылы 10-апрелде Ак үйдүн алдында атылган 86 кишинин (андан кийинки жалпы эсеп боюнча 113) өлүмү боюнча сот иши, мына, алты жылдан бери созулуп келатат. Соттолуп жаткандар 28 киши, алардын арасында качып кеткен Курманбек Бакиев, Жаныбек Бакиев, Данияр Үсөнов менен Оксана Малеваная бар. Аскер сотунда каралып жаткан бул сотто соттолуучулар акыркы сөзүн айтышты. Ошол кездеги Башкы прокурор Нурлан Турсункулов кандуу окуяга эч кандай тиешеси жок экендигин билдирди. Ал эми Бакиевдин аппарат башчысы Каныбек Жороев, “жарандык кызматтагы жалгыз адам менмин, менин бул окуяга кенедей да тиешем жок”, — деди. Курманбек Бакиевдин кеңешчиси жана досу болуп турган Элмурза Сатыбалдиев мындай дегени: “Мага коюлган айыптоолордун баары ойдон чыгарылган. Тергөө мага карата айыптоосун жакшы коө алган эмес. Анткени, менде күнөө жок. Мен Бакиев менен достошконуму жашырган эмесмин, жакын мамиле үчүн соттосо болот деген мыйзамды көрсөткүлөчү?”. Кезегинде аябай көөп, митинг өткөзүп жаткан миңдеген элге колу менен уят мүчөсүн символдоштуруп көрсөткөн Мурат Суталинов акыркы сөздөн баш тартты. Мамлекеттик күзөт кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Нурлан Темирбаев өзүнүн күнөөсүз экенин айтты. Ал эми революциядан мурунку күнү Алмазбек Атамбаевди үйүнөн кармап камакка алган “Альфанын” мурдагы командири Алмазбек Жолдошалиев да өзүнүн ак экенин айтты. Жабырлануучу тараптын адвокаты Сыртпай Жайчыбеков, “кылмыш иши бурмаланып, анын натыйжасында соттолуучулар толугу менен актанганга өтүп жатат” дегенди айтты.