Мындай пикирди узак жылдар бою оппозицияда болуп, саясатта чоң тажрыйба топтогон айтылуу Өмүрбек Текебаев айтты. Өмүке: “Ошондуктан алардын негизги аткара турган ролдору көбүнчө көчө оппозициясына ооп жаткандай” деген пикирди кыйытты. Чынында эң туура айтылган пикир. Белгилүү болгондой, парламенттеги оппозициялык маанайдагы “Бир Бол” фракциясы эчак эле бийликтин кирчү жерине кирип кеткен. Себеби жалпыга маалым. Антпесе, бул фракцияда кылмыш козголуп, темир тор артына кетчү эргулдар көп. Ошон үчүн, бийликтин көзүнүн агы менен тең айланып жатат. Ал эми Бабанов башында турган “Республика-Ата Журт” фракциясы деле чыгаан оппозициялык фракция болуп чыкпады. Айрым учурларда гана, айрым депутаттарынын бир аз опулдап алганы болбосо… БӨТ болсо, президенттик шайлоого катышууга белсенип, ага чейин тынч турайын, Атамбаевге жаман көрүнбөйүн деген позицияны карманып турат.