Домой Аналитика Мамат Айбалаев: Чек ара боюнча ойлонбой сүйлөп, маселенин чечилишин оорлоштуруп коюшту …

Мамат Айбалаев: Чек ара боюнча ойлонбой сүйлөп, маселенин чечилишин оорлоштуруп коюшту …

962

Баткен облусунун мурдагы губернатору Мамат Айбалаев кыргыз-тажик чек арасындагы тактала элек аймактарды чечүүдө эмнелерге көңүл буруу керектигин айтты.

17-апрелде Баткен районунун Тажикстан менен чектешкен Ак-Сай айыл аймагындагы Ак-Суу дарыясында жайгашкан башкы суу бөлүштүрүүчү жайда чыр чыккан. Анда Баткен райондук суу чарба ишканасынын кызматкерлери оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүп жаткан кезде Тажикстандын чек арачылары келип, ишти токтотууну талап кылышкан.

Ворух-Мачайи-Көк-Таш көйгөйүн деталдуу чечүү керек

«Ворухту алмаштыруу керек» деп абдан туура айтып жатат, бир эле Ворух эмес, бери жагында Мачайи деген айыл бар, ал да чоңоюп кетти. Анан Көк-Таштагы кыргыз айылдын жарымын тажиктер ээлеп алган. Бир көчөсүндө кыргыздар, бир көчөсүндө тажиктер жашайт. Мына ушул үч точка – Ворух — Мачайи — Көк-Таш көйгөйүн деталдуу чечүү керек. Эң негизги маселе ушул аймактарда. Себеби дарыянын оң жагында Көк-Таш, сол жагында Орто-Боз айылы бар. Ошонун ортосунда Жака-Өрүк деген жерде Бакиевдин убагында тажиктин жери деп протоколго кол коюлган, ижарага алышкан. Ал ижаранын мөөнөтү бүтөт, мына ошондо көйгөй башталат. Лейлек, Баткен райондорунда, Самаркандек, Ак-Татыр айыл өкмөттөрүндө, Сүлүктүдө жашагандарга чоң көйгөй башталат. Баткендин азыркы жаңы жетекчиси маселени канчалык терең аңдап билди, билбейм. Бул — жүздөгөн жылдар бою келе жаткан көйгөй.

Баткен — кыргыздын жери

Биздин жетекчилер Советтер Союзунун убагында да Тажикстандын суроосу боюнча Баткен, Лейлек районунан көп аймактарды берип коюшкан. Ошолордун документтерин көрсөтүп, «Момунча жерди өзүңөр сурап алгансыңар, бул — кыргыздын жери», — деш керек. Архивдин кызматкерлери ошол документтерди алып чыгышы керек.

Мен ошол жерде туулуп-өскөм, Канибадамдын (Тажикстан) үстүнө чейин, Исфара шаарынын (Тажикстан) чек арасына чейин Баткен жагынан да, Самаркандек жагынан да Кыргызстандын территориясы болчу. Анын баарын тажиктер сурангандан берип койгонбуз. Мына ушуларды айтуу керек. «Советтер Союзу кулады, кепилдик жок, бул жерди кайтаргыла» дегенге чейин барышыбыз керек.

 Өкмөт башчынын ойлонбой сүйлөгөн сөзүнүн кесепети

Мен губернатор болуп турганда 1992-1993-жылдары Тажикстанда жарандык согуш болуп, абал курчуган. Биз анда сууну катуу кайтарганбыз, сактап калганбыз. Бүгүн ойлонбой сүйлөп, маселенин чечилишин оорлоштуруп коюшту.

Ак-Татыр айыл өкмөтү, Самаркандек айыл өкмөтү сууну Мачайи айылы аркылуу алат, канал Мачайи менен өтөт. Тажиктер ошол жерде дайыма тоскоолдук жаратышат. Ошол себептен Самаркандекке суу жетпейт, бир топ бак кургап кеткен. Бул маселе 30 жылдан бери чечилбей келе жаткан.

Маселени чечүүгө рычагдар бар. Жетекчилер маани бербей жатабы, же түшүнбөй жатабы, билбейм.

Шахимардан, Сох анклавдарынын ичиндеги көйгөйлөрдү чечүү керек

Кыргызстанда көп улут жашайт. Анын ичинде 60 миңге жакын тажик жашайт. Алар 4-5 айылда: Лейлек, Кадамжай, Ноокат райондорунда. Ошондуктан тажиктер менен өтө абайлоо керек. Себеби тарыхты карасак, биз эгемендик алгандан бери тажиктерге да, өзбектерге да уттуруп келе жатабыз, чегинебиз. Эми азыр Өзбекстан менен маселе чечилди деп жатат, бирок Шахимардан, Сох деген анклавдардын ичинде элди кыйнап жаткан проблемалар бар. Азыр коңшулар менен мамиле жакшы болуп турганда бул көйгөйлөрдү да чечип алуу керек.

Чек ара маселесин чечүүгө көзү жетпесе чечпесин, кийинки муун акылдуураак болот

Чечет десе эле «ура!» деп жерлерди бере берген чыккынчылык деп эсептелет. Керек болсо Сталин да Кытай менен чек араны чече алган эмес. Советтер Союзу күчөп турганда да чечилбей келген. Чек ара маселесин чечүүгө көзү жетпесе чечпесин, кийинки муун акылдуураак болот. Чечтим деп эле кыргыз элинин ырыскысы болгон жерин бере берген болбойт.

maralfm.kg