Бакиевдин “акжолчу” депутаттары ээлеп алган парламентте бир кезде спикер болгон Зайнидин Курмановдун атасы Карпек Курманов өзүнүн миллион сомуна узундугу 250, туурасы 6 метр болгон жол салыптыр. Мэрия анын бул ишине жетине албай, ошол оңдолгон көчөгө жашы 90го таяп калган Карпек аксакалдын атын ыйгарууга шашып турат. Анткени, ким көчө оңдосо, анын аты көчөгө берилсин деген мыйзам бар. Албек Ибраимов шаардык кеңештин кезектеги жыйынында: “Ар бир депутат өз чөнтөгүнөн миллион сомдон чыгарса, бюджеттеги 45 миллиондук “жыртык” бүтөлөт”, -деп шаардык депутаттардын короосуна, тагыраагы капчыгына таш ыргытты. Негизинен туура эле айтылган кеп. Бирок, бул маселени депутаттарга үлгү катары өзү биринчи баштап берсе. 1 миллион эмес, жок дегенде 5 миллион сомдук иш бүтүрүп… Неге дегенде Ибраимов да илгеркиче айтканда, күтүрөтө жылкы айдаган, сандыгына алтын жыйнаган чириген бай эмеспи.