Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 7-Апрель — Элдик революцияга байланыштуу кайрылуусун социалдык тармактагы баракчасына жарыялады. Анда ал кыргыз элинин эркиндиги үчүн өмүрүн берген баатырларга таазим кыларын билдирген.
«2010-жылдын 6-7-апрелинде Бакиевдердин үй-бүлөлүк-кландык бийлигине каршы чыккан миңдеген мекендештерибизге терең таазим. Ошол күндөрү алар көкүрөгүн окко тосуп, бүтүн дүйнөгө кыргыздын эрдигин жана азаттык, адилеттүлүк, элдин келечеги үчүн өмүрүн аябай тургандыгын көрсөтүштү. Бийлик ал күнгө чейин бир топ саясатчы, журналистти өлтүргөнүнө карабай, ошол күнү майданга чыккан эр жүрөк жарандарыбыз кыргыз элин коркутуп-үркүтүп башкарса болбой турганын далилдешти», — деген мурдагы президент.
Ошондой эле ал Апрель элдик революциясы өлкөдөгү чоң өзгөрүүлөрдүн башталышы болгонун белгилеген.
«Мен президенттин айланасындагы айрым адамдар Бакиевдердин режимин актоону, ошол заманга кайтууну каалап турганын көрдүм. Садыр Жапаров аларды колдобогонуна ыраазымын. Президент баарын өзү түшүнүп, өзү чечет деп ойлойм. Кыргызстанда ансыз деле көйгөй абдан көп. Ар кандай көз караштар жана пикирлер бар. Бийликтин каталары да, кемчиликтери да бар. Бирок президент тарабынан жасалып жаткан жакшы иштер да аз эмес. Бул талашсыз. Ошондуктан президентке өз мөөнөтү бүткүчө тынч иштегенге мүмкүнчүлүк бериш керек деп эсептейм. Бирок өлкө башчыбызга бир кеңеш берет элем, «булар төңкөрүш, тигилер көтөрүлүш даярдап жатышат» деп же дагы бир башка болбогон шылтоо менен бейкүнөө саясатчы, ишкер, журналист, жадагалса блогерлерге кылмыш иштерин жок жерден ойлоп тапкандарга эч качан ишенбеш керек. Ушундай эргулдар президентке жакшы көрүнөм деп түз эле аңга алып барышат. Оппозиция — бул ар бир демократиялык мамлекетте өнүгүүнүн милдеттүү элементи экендигин унутпашыбыз керек. Президент менин каталарымды кайталабашы керек. Бул анын жана өлкөнүн аброюна көлөкө гана түшүрөт», — деп жазылат кайрылууда.
Атамбаев биригүү менен гана 21-кылымдын көптөгөн кыйынчылыктарына туруштук бере алабыз деген пикирин кошумчалаган. Сөзүнүн аягында кыргыз элине жана өзгөчө 2010-жылдын 6-7-апрелинде каза болгондордун жакындарына, жарадар болгондорго чың ден соолук, узун өмүр, ийгиликтүү жана бакубат жашоо каалаган.