Домой Коом “Ата Мекенден” “барбарос” план: Кандай гана жол менен болбосун Текебаевди актайбыз!

“Ата Мекенден” “барбарос” план: Кандай гана жол менен болбосун Текебаевди актайбыз!

52

    2F6BA491-29B6-4794-97F2-50C026E740E5_mw1024_mh1024_s  Россиялык ишкер Леонид Маевскийден 1 млн. доллар пара алды деген шек менен камакка алынган “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин соту 5-июнда башталды. Буга чейин сот ишин анын адвокаттары болушунча создуктурду. Муну адистер Текебаевдин жоопкерчиликтен качуу аракети катары сыпаттоодо. “Ак болсо сотту тездетип акталып чыкпайбы” деген пикир коомчулукта басымдуу.

Ишенимдүү булактар кабарлагандай, Текебаевдин күнөөсү тергөөдө толугу менен далилденген. Эми ал жакындарын, партиялаштарын, “Ата Мекен” партиясынын штабында иштеген балдарды, парламентте фракциянын ар кайсы кызматтарында иштегендерди тукуруп, өз пайдасы үчүн көрсөтмө берүүнү тапшырыпганын эркин гезиттердин бири шардана кылды. Алар бир ооздон Л.Маевскийди өмүрү көрбөгөнүн айтып, 2010-жылдын 13-майында Текебаев башка иштер менен алектенгенин “көбүртүп-жабыртышат” экен. Өмүрбек Чиркешовичтин адвокаттары болсо болушунча сотту создуктурууга аракет кылып, чындыкка дал келбеген маалыматтарды таратууну максат кылып жатыптыр. viagra sans prescription canada.

Учурда жеке Текебаевдин тапшырмасы менен “Ата Мекен” партиясынын мүчөлөрү Маевскийге компромат издеп, 2-3 “ата мекенчи” Москвага аттанды дейт. Алар сот башталар замат орус ишкери Маевский менен А.Модинди каралап, алар тууралуу болушунча жалган маалымат таратаары айтпасак деле түшүнүктүү.

“Ата Мекендин” дагы бир активдүү мүчөсү, мурдагы Мүлк фондунун жетекчиси Шералы Абдылдаев учурда Түркияда жашынып жүрөт. “Альфа-Телекомду” россиялык ишкерге өткөрүп берүү ишине бул да аралашканы каңкууланууда. Мындан улам,  жоопкерчиликтен качып, убактылуу ошол жакта баш калкалап жүргөндөй.

Кыскарта чапканда, 5-июнда кызыктын баары башталат. “Ата Мекен” партиясы Текебаевди актоо үчүн акыркы аракетин ушул күнү катуу көрөт. Күн мурунтан даярдаган бул партиянын дараметин ошондо көрөбүз. Бирок, Текебаевди эч качан актай албайт. Анткени, анын күнөөсү толугу менен далилденген.