Домой Коом Бакиев-Жапаров-Текебаев триосун Нооманжан Аркабаев далилдедиби?

Бакиев-Жапаров-Текебаев триосун Нооманжан Аркабаев далилдедиби?

148

  IMG_8332  Буга чейин “Ата Мекен” партиясынын камактагы лидери Өмүрбек Текебаев менен канкор президент Курманбек Бакиевдин Кипрде жолукканы, бул жолугушууну Садыр Жапаровдун уюштурганы маалым болгон.

“Ак жол” партиясынын активдүү мүчөсү, чыныгы Бакиевчи Нооманжан Аркабаев деген саясатчы сөрөй бар. Дал ушул киши 5-июнда Текебаевдин сотунда Бакиев-Жапаров-Текебаев триосун накта далилдеди. Анткени, Өмүрбек Чиркешовичтин сотунда тикесинен тик туруп аны коргоп, ажаан аялдай кыйкырып жатканына коомчулук күбө болду.

cabadian pharmacy prednisolome. Эсиңиздерде болсо Садыр Жапаровду Кыргызстанда тосуп алуу митингинин башында дал ушул Аркабаев турган. Жаш балдарды тукуруп, аларды милицияга салып берген да ушул. Курманбек Бакиев өлкөнү башкарып турганда ошол кездеги оппозиционер Текебаевге каршы сүйлөп, ага кутум уюштуруп жүргөн да ушул Аркабаев болчу. Анын кантип Текебаевди колдоп калды деген суроо жаралат. Демек, буга Бакиев акесинен ушундай тапшырма болгонбу? КурСалиевичтин жетеги менен гана оокат кылган Нооманжан Аркабаев ошентип табышмактын жандырмагын өзү эле чечип берди. Бирок, күнөөсү толугу менен далилденсе Текебаев татыктуу жазасын алышы керек эмеспи?