Домой Коом «Ата мекенчилерден» үлгү: сотту создуктурууну үйрөнгүлө!

«Ата мекенчилерден» үлгү: сотту создуктурууну үйрөнгүлө!

58

valium from online doctor. 8C1C79568A65207D663F7AF93C24EB185306DC9E6DCC2FCF19-pimgpsh_fullsize_distr

Сот процесстерин кантип создуктурса боло тургандыгын коомчулуктун алдында акыркы бир нече айдан бери карай «атамекенчилер» аябай жакшы көрсөтүп келатышат. Соттун чечимин кечеңдеткиң келсе, көрсө адвокатыңды «оорутуп» койсоң болот экен, же «иштин документтери менен толук тааныша элекпиз» деп таанышып чыккандан кийин деле убакыт сурай берсең болот экен.

Буга чейин мындай көрүнүштөрдү «Ата Мекен» партиясынын лидери Ө. Текебаев менен экс-элчи Д. Чотоновдун сотунан көрүп келдик. Эми болсо дагы бир «атамекенчи» Алманбет Шыкмаматовдун иши боюнча сот процессинде ошондой көрүнүш кайталана баштады. Тактап айтсак, бүгүн 8-августта Алманбет мырзанын үстүнөн козголгон кылмыш иши боюнча сот процесси болмок. Бирок, анын адвокаты сотко келе албай калганы үчүн процесс 15-августка жылдырылып калды.

Кийин бир канча убакыт өткөндөн кийин «Бизди сотто ушунча убакыт сүйрөшкөн» деп аталган партиянын өкүлдөрү айтып чыгуулары мүмкүн. Бирок, сот иштеринин создуктурулушуна өздөрү гана себеп болуп атышканын коомчулук көрүп турат. Эгерде алар өздөрүнүн эч кандай мыйзам бузушпаганына, таза экендиктерине ишенишсе, анда соттун чечими эртерээк чыгуусуна кызыкдар болушмак. Бул жерде алардын коркок-билиши күчтүрөөк болуп жатпайбы.