Домой Коом «Ата Мекен» вице-спикерликке кимди сунуштайт…

«Ата Мекен» вице-спикерликке кимди сунуштайт…

130

 «Ата Мекен» фракциясы Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары кызматына кимди сунуштай турганын аныктады.

Фракция депутат Нурбек Сыдыгалиевдин талапкерлигин көрсөтөт. Буга чейин фракциянын ичинде эки талапкер – Сайдулла Нышанов жана Нурбек Сыдыгалиев боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканы айтылган.

Ошондой эле дагы бир оппозициялык «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынан вице-спикерликке депутат Улан Исмаилов көрсөтүлдү.