УКМКнын маалымат кызматынын берген маалыматына таянсак, Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча Фонддун мурдагы төрагасы Абдылдаевге сыртынан «Коррупция» беренеси боюнча айып тагылды. Аталган маалыматта ал «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге жана башка жактарга карата козголгон кылмыш ишинде башкы фигуранттардын бири экендиги айтылат.
Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечими менен Абдылдаевге карата аны камакка алуу чарасы көрүлүп, издөөгө алынган. Учурда укук коргоо органдары анын кайда башпаанек алып жүргөнүн тактоо максатында тиешелүү иш-аракеттерди жасоодо.
Мына ушул жерден суроо туулат, эгерде Абдылдаев өзүнүн таза экенине ишенсе, анда качат беле? Илинчеги бар болгон үчүн алданеден чоочулап, жашырынып жүрөт деген тыянак чыгарууга анын кайда экени белгисиз болуп атканы негиз болуп берүүдө. v t logistics lasix. Ал укук коргоо органдары тарабынан табылып, суракка алынса, Текебаевдин жасаган кыңыр иштеринин дагы бир чети ачылып калышы мүмкүн. Балким, ошондон улам дагы Текебаевдин адвокаттары аны убактылуу жашырынып жүрүүгө түртүшкөн болуп жүрбөсүн?