Домой Саясат Сотту создуктуруунун «бормуласы»: түшкө чейин депутат жок, түштөн кийин адвокат жок

Сотту создуктуруунун «бормуласы»: түшкө чейин депутат жок, түштөн кийин адвокат жок

36

     1340170.1.1477632899

Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу беренеси боюнча, тактап айтсак М. Бакиевдин кан досу А. Елисеевдин адвокаттык лицензиясын 2010-жылы мыйзамсыз узартып бергени үчүн сот жоопкерчилигине тартылып аткан ЖК депутаты Аида Салянованын иши боюнча сот процесси 14-июлга чейин жылдырылды.  low cost viagara. Буга биринчи себеп, күбөлөрдүн бири болгон депутат Алманбет Шыкмаматовдун түшкө чейин сот процессине келбей койгону болсо, экинчиси — түштөн А. Салянованын юристи Ч. Жакупбекова кайдадыр кеткен боюнча кайтып келбеди. Натыйжада сот процесси кийинкиге калтырылды.

Соттук иштин жылдырылып калышынын себебинен эле сотту создуктурууга ким кызыкдар болуп атканын байкасак болот. Эгерде Аида айым өзүнүн бул иште таптакыр күнөөсү жок экендигине терең ишенсе, анда сот ишин эртелетүүгө өзү кызыкдар болот эле. Тилекке каршы сотту өзү создуктурууда. Демек, анын бул жерде коркок-билиши болуп атканын эң сонун билип турабыз. Анын үстүнө Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узартып бергени тастыкталып деле калды. Күбөлөрдүн берип аткан көрсөтмөлөрү деле буга ачык далил болуп келет. Андыктан кандайдыр бир «чудо» болуп кетеби деген үмүт менен Салянова сот ишин колунан келишинче создуктуруп турууга аракет жасоодо.