Бүгүнкү күндө эч ким деле кебине маани бербей калган Турсунбек Акун айтыптыр: “Аскаровдун милицияларды өлтүрүүгө катыштыгы жок… Ошол кездеги президент Отунбаева, азыркы президент Атамбаев да каза болгон орган кызматкеринин туугандарынын жана жердештеринин сүрүнөн коркуп, Аскаров тууралуу чечкиндүү кадамга бара алышкан эмес” деген билдирүүнү таратты. Көрүнгөн жерге кыпчыла бербесе, бир капшыты кемип турчу Турсунбек Акундун оюнда “кыргыздарды кыргыла” деген неме күнөөсүз экен го! Бу Турсунбегиң айтылуу бандит Батукаевди коргоп, “өлөрүнө эки-үч күн эле калды, өлтүрүп алып баарына уят болобуз” деп жанталашып турганын эл унута элек. Далай ирет жоопкерчиликтен жолдон мант берген түлкүдөй качып, дагы да токтолбостон жосунсуз иштерди жасап жүрөт.