Домой Коом Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев абактан чыгабы?

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев абактан чыгабы?

267

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев абактан чыгышы мүмкүн. Бул тууралуу анын жактоочусу Сергей Слесарев билдирди.

Анын айтымында, акыркы сот отурумунда мурдагы чечимдер жокко чыгарылгандыгына байланыштуу мыйзам боюнча Атамбаев абактан чыгышы керек.

«Өзүңүздөр билгендей, кечээ, Жогорку сот Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу Биринчи Май райондук сотунун чыгарган өкүмүн жокко чыгарып, аны райондук сотко кайра кароого жөнөттү. Демек, белгисиз мөөнөткө абакта калтыруу чечими дагы жокко чыкты. Буга байланыштуу Атамбаев абактан чыгарылышы керек.

Кечээ чыгарылган Жогорку соттун чечими Жаза аткаруу мамлекеттик кызматына жөнөтүлүшу керек. Андан кийин Атамбаевди абакта калтыруу же калтырбоо чечими чыгарылат«, — деди Слесарев.

Окуянын чоо-жайы:

Мындан 7 жыл мурун Нарын шаардык соту кримтөбөл Азиз Батукаевди «айыккыс дартка чалдыкты» деген жүйө менен бошотуп, ал ошол эле күнү өлкөдөн чыгып кеткен.

2019-жылдын апрель айында башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов 2019-жылдын январь айынан тартып кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши кайрадан карала баштаганын айткан.

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан бошотулушун кайра кароо иши боюнча бардык кабарларды ушул шилтемеден окуй аласыз.

булак: super.kg