“Элдик курултай” деген кыймылдын төрагасы Байас Турал деген президент Алмазбек Атамбаевге кайрылыптыр. Анда: “Өлкөдөгү саясий-экономикалык абалды, көйгөйлөрдү көтөрүп чыгып, чындыкты айтканы үчүн мамлекеттик бийликти басып алууга аракеттенди деген шылтоо менен Кубанычбек Кадыровдун кармалганын саясий куугунтук катары баалайбыз” деген жери бар. Кадыров менен Асанов төңкөрүш жасай турганын ачык текст менен эле айтыптыр го. Төңкөрүш жасоого аракет кылгандар же ага чакыргандар көп жылга соттолот. Мыйзам ушундай.